Жалганчы ЖМК, начар компания. Трамп Байдендин жеңишине нааразы экенин айтты

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп президенттик шайлоо таза өтпөгөндүгүн айтып, Жо Байден "жалганчы ЖМКлардын" көз алдында гана жеңди деген пикирде.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп анын саясий атаандашы Жо Байден "жалганчы ЖМКлардын" көз алдында гана жеңди деген пикирин билдирди.

"Ал (Жо Байден — ред.) фейк-жаңылыкчылардын көзүндө гана жеңишке жетишти. Мен жыйынтыкты эч качан тааныбайм. Биздин алдыбызда узак жол бар. Бул шайлоо жасалма болду!", — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Трамп Fox News телеканалынын Байден туурасында сюжетинде шайлоого байкоочулар киргизилбей, добуштарды жеке компания санагандыгын айтты. Аны "жабдуулары жаман жана аты булганган компания" деп атады.

Буга чейин Трамп 2024-жылы боло турган президенттик шайлоого катышарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0