COVID кесепети. Франкфурт полициясы карантинге каршы акциячыларды суу менен атты

© REUTERS / KAI PFAFFENBACHГерманиянын Франкфурт шаарынын полициясы COVID-19 илдетине карата карантиндик чектөөлөргө каршы чыккан митингчилерди суу бүркүүчү техника менен атууда
Германиянын Франкфурт шаарынын полициясы COVID-19 илдетине карата карантиндик чектөөлөргө каршы чыккан митингчилерди суу бүркүүчү техника менен атууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күч органынын кызматкерлери чогулгандар тарап кетпесе атайын каражаттар колдонулушу мүмкүн экендиги тууралуу бир нече жолу эскерткен.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Германиянын Франкфурт шаарынын полициясы COVID-19 илдетине карата карантиндик чектөөлөргө каршы чыккан митингчилерди суу бүркүүчү техника менен атты. Бул тууралуу полициянын Twitter баракчасындагы маалыматка таянып, РИА Новости жазды.

Шаардын борборуна бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабаган жүздөгөн демонстрант чогулган. Көптөгөн эскертүүлөрдөн кийин полиция акциянын аяктаганын билдирип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырган.

Ситуация в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео
"Гетеплац жана Ратенауплац аянттарын бошоткула деген чакырык аткарылган жок. Аянтты тазалоо үчүн суу менен атуучу техниканы колдонууга туура келди", — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Күч органынын кызматкерлери эл тарап кетпесе атайын каражаттар колдонулушу мүмкүн экендиги тууралуу бир нече жолу эскертилгендигин баса белгилешти.

Германиянын канцлери Ангела Меркель октябрь айында коронавирус пандемиясынын айынан ноябрдын аягына чейин карантин киргизилгенин жарыялаган.

Добуштарды кайра санагыла! Трамптын митинг өткөрүүнү пландап жатканы айтылды

Жаңылыктар түрмөгү
0