Кимдер коронавирустун оор формасына кабылбайт? Адистин пикири

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКарантинный центр в Коммунарке
Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Микробиолог коронавирустун оор формасы менен ооруган бейтаптар айлана-чөйрөгө көбүрөөк коркунуч алып келерин белгилеген.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мечников атындагы илим-изилдөө институтунун академиги, микробиолог Виталий Зверев коронавирустун оор формасына кимдер азыраак кабыларын айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Коронавирусту кан айлануусу же иммундук системасы бузулган, өнөкөт оорулары барлар оор көтөрөт. Башкалар бет капты үзбөй тагынып, тазалыкты сактаса эле кооптуулук жок", — деди Зверев.

Микробиолог коронавирустун оор формасы менен ооруган бейтаптар айлана-чөйрөгө көбүрөөк коркунуч алып келерин белгилеген. Себеби алардан ооруну жеңил көтөргөндөргө салыштырмалуу вирус активдүү бөлүнүп чыгат. Кандай болгон учурда да адис бет капты үзбөй тагынууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0