Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEДемократиялык партиядан талапкерлер Жо Байден
Демократиялык партиядан талапкерлер Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ бийлиги келерки жылы алмашат, бирок мурдагы президентке караганда Жо Байден Россияга катаал болору эмитен эле белгилүү. Жакындагы эле радикалдуу — тозоктун санкциялары атыккан чараларды дал демократтар сунуштаган.

Андай абал россиялык экономикага кандай коркунуч туудурары тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Мамлекеттик карыз

"Россияга карата позиция олуттуу түрдө катаалдашын күтүп жатабыз. Байдендин командасынын Москвага жек көрүүсү чындап эле таң каларлык", — деп келтирет Вашингтондогу жогорку кызматты ээлеген дипломаттын сөзүн Financial Times басылмасы. Бирок саясий декларациялар – өзүнчө маселе. Байден канчалык согушчул болбосун, Вашингтондун Россиянын экономикасына сезилерлик зыян келтирчү каражаттары анчалык деле арбын эмес экенин белгилейт Bloomberg.

Эң олуттуу коркунуч — россиялык карызга салым (федералдык зайымдын облигациялары – ФЗО) кошууга тыюу салуу. Бирок биринчи кезекте мындан америкалык инвесторлор – баалуу кагаздардын ири кожоюндары жабыр тартат. Анан алар Байдендин администрациясын сотко бериши мүмкүн. Ал гана эмес Россия ага жооп иретинде АКШнын казыналык облигациялардан биротоло арылары шексиз. Олчойгон мамлекеттик карыз жана бюджетте ири таңсыктык болуп турган шартта мунун Ак үйгө зарылдыгы жок.

"Америкалыктар Алексей Навальныйды ууландыруу боюнча болжолдуу аракети үчүн ушундай эле европалык санкцияларды сөзсүз киргизет. Бирок кеп тармактык эмес, персоналдык чектөөлөрдө.

Андан ары Моска менен диалогду калыптандыруу аракети жасалат, Вашингтондун саясаты ошол процесстин жыйынтыгына жараша болмокчу", — деп боолголойт Орус-азиялык өнөр жай союзунун президенти Виталий Манкевич. Анын көз карашында Россиянын мамлекеттик карызына кызыл чийинден чыкккан учурда гана тыюу салынат.

Путиндин Байденди куттуктоосуна себеп жок

"Түндүк агым — 2"

"Түндүк агым – 2" долбооруна кысым көрсөтүү күчөйт окшоп калды. 2016-жылы эле

Байден Европа үчүн россиялык энергетикалык долбоордун начар экенин айткан. "Бул акыры Украинаны туруксуздаштырат. Ал эми Европага диверсификацияланган газ жабдуучулар зарыл", — деп билдирген ал Кошмо штаттардын вице-президенти болуп турган кезинде.

Октябрдын ортосунда демократтын шайлоо штабы талапкердин позициясы өзгөрбөгөнүн, ал россиялык газ түтүгүнө дале каршы экенин жана Европанын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө умтуларын кайрадан эскерткен. Бирок мунун баары сөз бойдон калып, ал эми АКШнын жаңы президенти Россия менен соодалашып, долбоорго каршылыгынан баш тартары деле мүмкүн.

Америкалык Виргиния штатынын мурунку сенатору Ричард Блэк Байден курулушту бүткөрүү жөнүндө Москва менен "тымызын" макулдашарын айтат. Ордуна Вашингтонго пайданы соодалап алууга аракет кылат.

АКШдагы шайлоонун күңгөй-тескейи: өлкө келечегине азыртан абай салганда

Жашыл багыт жана ОПЕК

Байдендин президенттигинин дагы терс аспектиси — жашыл курс аталган энергетикалык саясат. Ал 2035-жылга чейин экологиялык таза энергетикага өтүүгө эки триллион доллар бөлүүнү, ал эми 2050-жылы энергетиканы чыгындысыз кылууну пландоодо.

"Байдендин болжонгон жеңишинин көрүнүктүү бенефициарлары кайра калыптанып жаткан компаниялар, инфраструктуралык сектор. Мунай-газ, фармацевтикалык компаниялар начар абалда калат, ал эми антимонополиялык жөнгө салуунун тобокелдик аймагына ири технологиялык компаниялар кабылышы ыктымал. Бул учурда россиялык рынок үчүн санкциялар күчөтүлүшү мүмкүн", — деп көрсөтүшкөн "Финам" талдоочулары 2020-жылдын төртүнчү кварталына карата инвестициялык стратегияда.

"Россия үчүн реалдуу тобокелдик — көмүртек салыгынын глобалдык күн тартибине киришүү. Дүйнөдөгү эң мыкты россиялык өздүк наркка доо кетирет. Ошондой эле бул

сталевар жана түстүү металлургдарга да тиешелүү", — деп белгилейт Манкевич.

Байден ОПЕКке басым кылууну улантат. Мисалы, ал Иран жана Венесуэлага каршы санкцияларды жумшартып, алардын мунайы дүйнөлүк рынокко кайтышы ыктымал.

"Иран суткасына кеминде эки миллион баррель мунай берет. Бул ОПЕК+ келишимин солгундатууга жөндөмдүү", — деп эскертет каржы аналитиги Артем Звездин.

"Россия макулдашуудан чыгуу тобокелдиги бар, андай болсо келишим кыйрайт. Москванын катышына Дональд Трамптын салымы бар", — деп эскерткен картелдеги булак Reuters агенттигине. Мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча макулдашуу токтойт, рынокто мунай кирешелерине терс таасир эте турган глобалдык көйгөйлөр жаралат.

Бирок мунун баары азырынча жоромол. Балким бийликке келгенде Байдендин командасы конструктивдүү нукка түшүүнү ылайык көрөт. Шайлоо кампаниясынын убагында ураандар катуу жаңырат эмеспи, бирок алардын реалдуу саясатка пайдасы тийбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0