Кыргызстан Карабахтагы тирешти токтотуу келишими боюнча позициясын билдирди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКарвачар шаарына жакын жолдогу аскер кызматкерлери.
Карвачар шаарына жакын жолдогу аскер кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери 9-ноябрда Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол койгон.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Азербайжан, Россиянын президенттери жана Армениянын премьер-министринин үч тараптуу макулдашуусун колдойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Россия Федерациясынын көмөгү менен аскерий жаңжал токтоп, саясий жөнгө салууга өтүү башталганын канааттануу менен белгилейбиз. Жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуу Тоолуу Карабахтагы көйгөйлөрдү толугу менен иретке келтирүүгө жана узак мөөнөттүү болоруна ишеним артабыз", — деп жазылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирди.

Карабах келишими: Азербайжан, Армения жана Россия лидерлери кандай чечимге келди

Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Буга чейин Кыргызстан эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0