Бахрейнде 50 жыл премьер болгон Халифа бен Сальман Аль-Халифа каза болду

© REUTERS / Athit Perawongmetha / File PhotoБахрейндин премьер-министри Халифа бен Сальман Аль-Халифа
Бахрейндин премьер-министри Халифа бен Сальман Аль-Халифа  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бен Сальман Аль-Халифа премьер-министр кызматын 1970-жылдан бери ээлеп келген. Анын өлкөдөгү таасирин монархтын өзүнүн таасирине теңеп келишет.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бахрейндин премьер-министри Халифа бен Сальман Аль-Халифа 84 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Учурдагы ханзааданын жакын тууганы болгон Сальман Аль-Халифа монархтык үй-бүлөнүн өзгөчө таасирдүү мүчөсү болгон. Анын өлүмү боюнча ханзааданын кеңешчиси Набиль Хамр билдирген.

Бен Сальман Аль-Халифа премьер-министр кызматын 1970-жылдан бери ээлеп келген. Анын өлкөдөгү таасирин монархтын өзүнүн таасирине теңеп келишет. Деген менен Бахрейндеги ири шиит жамааты анын укуктук чектөөлөр боюнча кабыл алган чечимдеринен улам аны жеке душманы деп эсептешкен.

COVID жуктуруп алган Өзбекстандын вице-премьери каза болду

Премьердин өлгөнүнө байланыштуу өлкөдө бир апталык аза күтүү жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0