Коронавирус пандемиясы дагы бир эпидемияны чакырды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуунун изилдөөсү боюнча, психикалык жактан жабыркаган адамдарда коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Коронавирус эпидемиясы адамдардын психикасына да таасир этип, анын бузулуусуна себепкер болду. Бул тууралуу РИА Новости Жонс Хопкинс атындагы медициналык мектептин окумуштуусу Роберт Йолкендин изилдөөлөрүнө таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окумуштуу 20-январдан 1-августка чейинки убакытта медициналык жардам алган 69 миллион адамдын статистикасын карап, изилдеп чыккан. Маалыматтар бейтаптардын электрондук медициналык карталарынан алынган.

"Коронавирус менен ооруган бейтаптардын тынчы кетип, уйкусу качып калат. Ошондой эле оору адамды акылдан алат. Аталган дарт менен үч ай алышкан бейтаптардын 20 пайызына психикасына байланышкан диагноз коюлат", —деген окумуштуу.

Йолкендин изилдөөсү боюнча, психикалык жактан жабыркаган адамдарда коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги жогору.

COVID-19дан кийин ден соолукту кантип калыбына келтирүү керек? Адистин кеңеши

Окумуштуу өткөн кылымдын башындагы "испанка" пандемиясы дагы неврологиялык жана психикалык ооруларга алып келгенин белгилеген. Анын ою боюнча, бейтаптардын электрондук медициналык карталары коронавирустун кесепети адамдардын психикасына канчалык таасир эткенин билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0