Эбегейсиз көп акча... Трамптын тик учагын сатыкка коюшту

© Фото / AvBuyerSikorsky S-76B тик учагы. Архив
Sikorsky S-76B тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул техника Нью-Жерсидеги учак сарайлардын биринде турат. Ичи кымбат кызыл карагай жана кызыл килем капталган бул тик учакка алты киши батат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын менчик тик учактарынын бири — Sikorsky S-76B учурда сатыкка коюлду. Бул тууралуу РИА Новости Newsweek басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Аны мамлекет башчы 2016-жылдагы шайлоо алдындагы кампания учурунда көп колдонуп, эми тик учакты 1,5 миллион долларга чейин баалап жатышат. Аталган аба транспорту N76DT каттоо номери менен соода аянтына коюлган. Төрт жыл мурда аны New York Times 875 миң долларга баалаган. Анткен менен азыркы шайлоодон кийин наркы 1,5 миллион долларды чапчышы мүмкүндүгүн Newsweek жазып чыкты.

Учурда тик учак Нью-Жерсидеги учак сарайлардын биринде турат. Ичи кызыл карагай менен жасалгаланып, кызыл килем капталган бул техникага алты киши батат. Кулак-мээни жеген сырткы үн угулбайт, буга кошумча муздаткычы жана суусундук коюучу шкаф да бар.

Дональд Трамп тик учакка баратып жубайын унутуп калганда. Видео

Маалыматта Трамп президент болгону аскерий тик учакты пайдаланып калгандыктан, Sikorsky S-76B аба транспортуна түшпөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0