COVID-19га карабай. АКШда президенттик инаугурацияны толук кандуу өткөрүү пландалууда

© REUTERS / JIM BOURG2020-жылы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Джо Байден
2020-жылы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурация келерки жылдын 20-январь күнү болмокчу. Уюштуруучулар иш-чарага жаңы шайланган президент Жо Байден гана эмес, учурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп дагы келет деп үмүт артышууда.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШ Конгресси президенттик инаугурацияны коронавирустун жайылып жатканына карабай, толук кандуу жана салтанаттуу түрдө өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу сенатор-республикачы Рой Блантка шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Биз президенттин ант берүү аземин кадимкидей, салтанаттуу түрдө өткөрөлү деп пландап жатабыз. Иш-чара ачык асман алдында болот", — деди Блант.

Анын айтымында, бул боюнча комитет келерки жумада пикирин билдирет. Азырынча ал иш-чарага жаңы шайланган президент Жо Байден гана эмес, учурдагы мамлекет башчы Дональд Трамп дагы келет деп үмүт артууда.

Баса, АКШ коронавирустун жайылышы боюнча дагы алдыңкы орундарда келе жатат. Ушул тапта бул өлкөдө оору жуктургандардын саны 10 миллионго жетип калды.

ЖМК: Трамптын кеңешчиси аны шайлоодо жеңилгенин мойнуна алууга чакырды

"Кимиси ант берери маанисиз, бирок экөө тең эл алдына чыгышы керек, бул өтө маанилүү", — деди сенатор.

Инаугурация келерки жылдын 20-январь күнү болмокчу.

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Жо Байден жеңишке жетти. Ага 538 тандоочунун 290у өз добушун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0