Грузияда оппозициянын масштабдуу митинги өтүп жатат. Видео

© AFP / VANO SHLAMOVМитинг оппозиции в Тбилиси
Митинг оппозиции в Тбилиси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингдер ири делген Тбилиси жана Батуми шаарларында өтүп жатат. Батумиде чогулгандар бийликке таптакыр баш ийбей турганын жар салышкан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Грузияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген оппозициянын масштабдуу митинги өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Грузия жазды.

Акция ири делген Тбилиси жана Батуми шаарларында өтүүдө. Митингчилер жаңы шайлоо өткөрүүнү жана Борбордук шайлоо комиссиясын таратууну талап кылып жатышат.

31-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чыгаруу органында "Грузинская мечта" башкаруучу партия көп мандат алып, өзү жалгыз өкмөттү түзө алат. Оппозиция шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгары менен эле мыйзам бузуулар болгонун айтып, митингге чыгууга даяр экенин билдирген.

Учурда баш калаада 6 миңден 20 миңге чейин адам митингге чыкты. Тбилисиде чогулгандар бийликке катуу талап койду. Алар БШК башчысы Тамар Жваниянын кызматынан алынышын талап кылып, бул сүйлөшүүнүн башталышы экенин айтышкан. Парламенттин алдына чоң таймер орнотулган. Талапты аткаруунун мөөнөтү саат 20:00гө чейин белгиленген.

Трамптын тарапташтары каршылык акциясын уюштурушууда

"Мен Бидзина Иванишвилиге кайрылам: бурмалоочу Жванияны кечки саат сегизге чейин кызматтан кетирүүнү суранам, андан кийин биз, оппозициянын өкүлдөрү, элдин атынан жаңы шайлоону дайындоо боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууга даярбыз", — деген Бирдиктүү улуттук кыймылдын лидерлеринин бири Ника Мелия.

БШК башчысы кызматынан кетпесе оппозиция кандай чараларды көрөрүн ачык айткан эмес. Болгону кечинде оппозициянын жаңы планы жарыяланары белгиленген.

Башкаруучу партиянын өкүлү буга чейин "Грузинская мечта" айтылган талаптарды аткарууга макул болбой турганын билдирген. Ал арада Батумиде демонстранттар бийликке баш ийбестигин жар салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0