ЖМК: Трамптын кеңешчиси аны шайлоодо жеңилгенин мойнуна алууга чакырды

© AFP / SAUL LOEBИзбирательная кампании Дональда Трампа в Арлингтоне
Избирательная кампании Дональда Трампа в Арлингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Fox News президенттин штабы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотто өз кызыкчылыгын жактай албаса, анда Трамп жеңилгенин мойнуна аларын билдирген.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер аны шайлоодо жеңилгенин моюнга алууга чакырды. Бул тууралуу CNN телеканалы жеке булактарына таянып жазганын РИА Новости билдирди.

Бул сунушка Трамп кандай жооп кайтарганын телеканал кабарлаган эмес.

Буга чейин Fox News президенттин штабы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотто өз кызыкчылыгын жактай албаса, анда Трамп жеңилгенин мойнуна аларын билдирген.

Казакстандын президенти Токаев Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Демократиялык партиянын өкүлү Джо Байден буга чейин АКШ президенти болуп шайланганын жар салган. Байдендин утуп чыкканын АКШнын бир катар беделдүү ЖМКлары да айтып чыгышкан.

Учурдагы президент өз кезегинде шайлоонун жыйынтыгы али чыга электигин, өз жеңишин сотто далилдээрин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0