50 жашында турмуш курган. Байдендин орун басары болчу Харрис тууралуу фактылар

© REUTERS / Jim BourgПрезидентские выборы в США
Президентские выборы в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкада президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы мына чыгат деп турган убак. Өлкө ЖМКлары Демократиялык партиядан талапкерлер Джо Байден менен Камала Харрис президенттик жана вице-президенттик кызматка отурарын жазышууда.

Харрис Американын тарыхында вице-президенттикке ат салышкан Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял болуп жатат. Ал эми жалпысынан бул кызматка баргысы келген үчүнчү аял.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясатчы аял тууралуу дагы башка фактыларды топтоду

Иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Камала Харрис 56 жашта. 1964-жылы 20-октябрда Калифорниянын Окленд шаарында иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган. Апасынын түбү Индиядан, ал эми атасыныкы Ямайкадан. Бири эндокринолог жана маммолог-онколог, экинчиси экономист эле. Экөө тең илимий даражаларга ээ болушкан. Бирок Камала 7ге, сиңдиси 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кыздар энесинде калган. 

© REUTERS / Jim BourgКамала Харрис Американын тарыхында вице-президенттикке ат салышкан Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял болуп жатат
50 жашында турмуш курган. Байдендин орун басары болчу Харрис тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Камала Харрис Американын тарыхында вице-президенттикке ат салышкан Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял болуп жатат

Кесиби

Камала Харрис алгач Вашингтондогу Говард университетинде саясат таануу жана экономика адистиги боюнча окуган. Кийинчерээк Калифорния университетинин юридикалык колледжинде билим алган. Эмгек жолун 1990-жылы Окленддеги аймактык прокурордун орун басары болуп баштаган.

Шайлоодо жеңишке жеткен Байден элине кайрылды

Барак Обамага салыштырышат

2003-жылы Камала Сан-Францисконун прокурору, ал эми 2010-жылы Калифорниянын башкы прокуроруна чейин жетип, аты чыга баштаган. Ошондон бери Харристи "аял Обама" деп атагандар бар. Бирок Камала мындай салыштырууну жактырбай турганы айтылат. Баса, Барак Обама Байдендин орун басары Харрис болушун колдой турганын билдирген.

Байдендин уулу менен иштешкен

Камала Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда Джо Байдендин уулу Бо Байден Делавэр штатынын Башкы прокуратурасын жетектеген. Экөө ошол убакта тыгыз кызматташкан.

Джо Байден маектеринин биринде, эки прокурор тең Кошмо Штаттардагы кылмыштуулук менен кескин күрөшкөнүн, бул үчүн алар менен сыймыктанганын жана Камала азыр шайлоодо өнөктөшү экенине кубанып жатканын айткан. 

© AP Photo / MARCIO JOSE SANCHEZКамала Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда Джо Байдендин уулу Бо Байден Делавэр штатынын Башкы прокуратурасын жетектеген
50 жашында турмуш курган. Байдендин орун басары болчу Харрис тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Камала Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда Джо Байдендин уулу Бо Байден Делавэр штатынын Башкы прокуратурасын жетектеген

Президенттикке ат салышууга камынган

Камала Харрис 2017-жылдан бери Калифорнияда сенатор болуп келет. Өткөн жылдын январь айында президенттик жарышка аттанмакчы болгон. Бирок шайлоодо чыгымдар көп кетет деген себеп менен кайра артка чегинген.

Ошол эле жылы Харрис Байденди сегрегацияны (бөлүнүү) жактаган мыйзам чыгаруучулар менен жакшы мамиледе деп сынга алган. Бирок кийинчерээк Байдендин АКШ президенттигине талапкерлигин колдоого ала турганын билдирген.

Шайлоодо прокурор деп сындашкан

Байден Харристи орун басар кылам дегенде демократтардын бардыгы эле колдоого алган эмес. Айрымдар Харристи укук коргоо органдарында узак убакыт иштегени үчүн вице-президент катары көргүсү келбей жатканын айтышкан. Буга жакынкы аралыкта АКШдагы полицияга каршы нааразычылыктардын көбөйүшү таасир этиши мүмкүндүгү айтылат.

Норвегияда алгачкы ирет аскер аба күчтөрүн аял жетектемей болду

Вице-президенттикке ат салышкан биринчи кара тору аял

Камала Харрис Америкада өлкө башчынын орун басарлыгына ат салышкан биринчи Түштүк Азия тектүү кара тору аял. Ал эми жалпысынан бул кызматка баргысы келген үчүнчү аял.

Биринчиси – 1984-жылы Демократиялык партиядан ат салышкан Жералдин Ферраро, экинчиси 2008-жылы Республикалык саясий уюмунан көрсөтүлгөн Сара Пэйлин болгон. 

© AFP / Mark MakelaКамала Харрис өмүрлүк жарын алты жыл мурда тапкан
50 жашында турмуш курган. Байдендин орун басары болчу Харрис тууралуу фактылар - Sputnik Кыргызстан
Камала Харрис өмүрлүк жарын алты жыл мурда тапкан

Турмушка кеч чыккан

Камала Харрис өмүрлүк жарын алты жыл мурда тапкан. Юрист күйөөсүнүн мурдагы турмушунан эки баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0