Зыяндуу бактериялар көп. Тооктун кайсы жерлерин жегенге болбойт

© AP Photo / Mel EvansКуриное мясо
Куриное мясо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тооктун айрым бөлүктөрүндөгү бактериялар жогорку температурага туруштук бергендиктен, термикалык иштетүүдөн кийин деле өлбөйт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Зыяндуу бактериялардын көптүгүнө байланыштуу тооктун кайсы бөлүктөрүн жегенге болбой турганын Sohu порталы жазды.

Тооктун куйрук бөлүгүн ашыкча колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизет. Ошондой эле үй канаттуусунун өпкөсүндө мите курттар менен бактериялар өтө көп топтолгон. Алар жогорку температурага туруштук бергендиктен, термикалык иштетүүдөн кийин деле өлбөйт. Булар адамдын организмине кирсе кесепети чоң.

Туурайын деген этке "жан" кирип, кожойкени коркуткан видео

Адамдын ден соолугуна кооптуу делген заттар тооктун башында да бар экени кошумчаланды. Мындан сырткары, канаттуунун териси майлуу болгондуктан мите курттар менен бактериялар абдан көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0