Шайлоодо жеңишке жеткен Байден элине кайрылды

© REUTERS / Jim BourgКандидат в президенты США Джо Байден
Кандидат в президенты США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байден буга чейинки Америка лидерлеринен айырмаланып калк арасында эң көп добуш алганын белгилеген. Демократтын айтымында, аны 74 миллион жаран колдогон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Джо Байден америкалыктарга кайрылуу жасап, президенттик шайлоодо ишенимдүү артыкчылык менен жеңгенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Өлкө эли бизге ачык жана ишенимдүү жеңишти ыйгарды", — деген Байден кайрылуусунда.

Ал буга чейинки Америка лидерлеринен айырмаланып калк арасында эң көп добуш алганын кошумчалады. Демократтын айтымында, аны 74 миллион жаран колдогон.

Мындан тышкары, Байден өзүнүн саясатынын артыкчылыктуу багыттары COVID-19, экономика, климат жана расизмге каршы күрөшүү экенин айткан.

Меркель, Макрон, Обама баш болгон саясатчылар Байденди куттукташууда

Байден ишемби күнү АКШнын президенти болуп шайлангандыгын жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, жарышты Демократиялык партиянын талапкери жеңгенин жазышкан. Бирок учурдагы президент Дональд Трамп анын атаандашы бир дагы штатта жеңүүчү деп тастыктала электигин билдирген.

Трамп добуштар "адилет саналмайынча" артка чегинбей турганын белгилеп, позициясын коргоо үчүн сотко дооматтар даярдалып жаткандыгын жар салды.

Байден президенттикке толук түрдө бекип калса өлкө тарыхындагы 46ынчы жана эң кары президент болуп калмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0