Трамп президенттик шайлоону уттум десе, ЖМКлар Байден жеңгенин жазышууда

© REUTERS / BRIAN SNYDERДемократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден. Архив
Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байден шайлоого зарыл болгон 270 тандоочуну чогултканы маалымдалды. Добуштарды саноо Пенсильванияда жана башка бир нече штатта расмий түрдө аягына чыга элек.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Американын өлкө башчылыгына кайрадан талапкер болгон Дональд Трамп шайлоодо жеңүүчү болдум десе, дүйнөлүк ЖМКлар Джо Байден утканын жазышууда.

"Мен шайлоодо чоң айырма менен жеңдим!" — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Ал эми РИА Новостинин билдиришинче, CNN, NBC телеканалы жана AP агенттиги Демократиялык партиядан талапкер Джо Байден АКШнын президенти болуп шайланганын болжолдоду.

Алардын маалыматында, Байден шайлоого зарыл болгон 270 тандоочунун добушун алган.

Трамп: президенттик шайлоонун жыйынтыгына жогорку сот чекит коюшу мүмкүн

Добуштарды саноо Пенсильванияда жана башка бир нече штатта расмий түрдө аягына чыга элек. Бирок алдын ала маалыматтарга караганда, Байден Трампка караганда Пенсильваниядан 30 миңден ашык добуш алып кеткен. Анткен менен Трамп шайлоонун жыйынтыгын маалыматтык ЖМКлар эмес, мыйзамдуу добуштар чечерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0