Кытайда кароолчу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калды. Видео

© AFP / HUSSEIN FALEHТерезеде турган бала. Архив
Терезеде турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капысынан ажатканага камалып калган бөбөк терезе аркылуу сыртка чыгууну чечкен. Учурда ал ооруканада.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кытайда бала бакчанын кароолчусу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя болгон учурда тартылган видео РЕН ТВ телеканалында көрсөтүлдү.

Маалыматка караганда, бала ажатканага капысынан камалып калып, сыртка терезеден чыгып кетем деп ойлогон. Ошол маалда жерде турган кароолчу бөбөк кулаган кезде тосуп калды. Учурда бала ооруканада.

Жаңылыктар түрмөгү
0