Канды коюлантат. Коронавирус менен ооруганда жебей турчу азыктар аталды

CC BY 2.0 / Aqua Mechanical / Close-up Вред соли для здоровья
Вред соли для здоровья - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терапевт жугуштуу ооруда организмдеги суу менен туздун тең салмактуулугун кармоо маанилүү экенин айткан. Ооруканада буга дарыгерлер көз салат, үйдө жаткандар тамактануусун жакшылап карашы керек.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптар айыккыча туздуу тамак менен ичимдик ичпей турганы оң. Эмнеге бул эрежелер маанилүү экендигин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт Филипп Кузьменко айтып берди.

Анын билдиришинче, жугуштуу ооруда организмдеги суу менен туздун тең салмактуулугун кармоо абдан маанилүү. Ооруканада буга дарыгерлер көз салат, үйдө жаткандар тамактануусун жакшылап карашы керек.

Коронавирустан аялдар арасында кош бойлуулар көбүрөөк каза табары айтылды

"Туздалган балык, бадыраң, деги эле ушул сыяктуу тамактардан баш тарткан оң. Ошондой эле ичимдиктен баш тартыңыз. Булар канды коюулатып, тамакты кургатып, суусатат. Коронавируста кандын коюуланышы эмнеге алып келерин билесиздер", — деген адис.

Кузьменко оорулууларга сууну мүмкүн болушунча көп ичүү зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0