Трамп шайлоодо жеңишке жакындап калганын жар салды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп. Архив
 АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишин майрамдоого даяр экенин билдирген Трамп Огайо, Техас, Флорида, Жорджия, Түндүк Каролина, Пенсильвания, Мичиган жана Висконсин штаттарында атаандашы Жо Байденден көп добуш алганын белгиледи.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп бул жолку шайлоодо дагы жеңип чыгам деп жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жеңишин майрамдоого даяр экенин билдирген Трамп Огайо, Техас, Флорида, Жорджия, Түндүк Каролина, Пенсильвания, Мичиган жана Висконсин штаттарында атаандашы Жо Байденден көп добуш алгандыгын белгиледи.

"Бизге жеңиш үчүн бардык штаттардын кереги жок", — деди Трамп аны колдогон мекендештерине ыраазычылык билдирип жатып.

Бирок Fox News телеканалынын маалыматына караганда, азыр колдоочулардын добушу боюнча Байден алдыда. Республикачы президент Дональд Трамп тандоочулардын жеңиш алып келе турган 270 добуштун 213үн алса, демократ Жо Байден 238ине ээ болду.

АКШдагы шайлоо: митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик-терезесин бекитүүдө

Тандоочулар деген кимдер? АКШда президентти шайлоо үчүн эки ирет добуш берилет. Биринчиси — жалпы элдик, экинчиси — ар бир штаттын тандоочуларыныкы. Аларды эл кайсы бир партиянын мүчөлөрүнүн, сенаторлордун, атактуу адамдардын арасынан тандашат. Бардыгы болуп АКШда 538 тандоочу бар. Талапкерлердин кимиси тең жарымынан көбүн, тагыраагы, 270 добуш алса, тандоочулардын добушу менен жеңди деп эсептелет.

Эске салсак, АКШда 3-ноябрь күнү президенттик шайлоо болду. Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен америкалыктар эгер азыркы мамлекет башчы Трамп кайрадан шайланып калбаса, 46-президентин тандашат. Финалдык жарышта эки талапкер калган. Республикачылардын атынан азыркы президент Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден.

Жаңылыктар түрмөгү
0