Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү Россиянын Тышкы чалгындоо кызматын башчысы Сергей Нарышкин
 Россиянын Тышкы чалгындоо кызматын башчысы Сергей Нарышкин
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы 100 жылдык мааракесин белгилейт.

Бул кызмат Жалпы россиялык өзгөчө комиссиянын тышкы бөлүмү кезден тарта Тышкы чалгындоо кызматына чейин Ата Мекендин кызыкчылыктарын коргоп, коопсуздукту камсыздоо боюнча укмуштуудай көлөмдүү маалымат чогултту.

Дүйнөдөгү башка атайын кызматтардын жанында Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын орду кандай, эмнеге артыкчылык берет жана чет элдик жарандардын россиялык чалгынчыларга жардам берүүсүнө кандай себептер түрткү болот? Бул тууралуу "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин директору Дмитрий Киселевго аталган кызматтын башчысы Сергей Нарышкин маек берип, ал РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Маектин биринчи бөлүгүндө Нарышкин АКШдагы президенттик шайлоодон кийинки абал кандай болорун божомолдоп, ошондой эле Батыштын дүйнөнүн ар кайсы жагында хаос жаратуу аракеттерине токтолгон. Мындан тышкары, Вашингтон Россия менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкка кантип жарака келтирүүнү каалап жатканын айтып берген.

— Сергей Евгеньевич, 70-жылдары АКШнын Федералдык иликтөө бюросунда (ФБР) СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) жетекчиси Юрий Андроповдун сүрөтү илинип турганы белгилүү. КГБ дүйнөдөгү эң мыкты чалгындоо кызматы деп таанылчу. Азыр ФБРде сиздин сүрөтүңүз илинип турабы? Тагыраагы, азыр Россиянын Тышкы чалгындоо кызматы дүйнөдө эң мыктыбы?

— Менимче, сүрөтүм илинип турбаса керек. Бирок биздин кызматтын бардык директорлорунун досьелери бар деп ойлойм. Анткени Россиянын чалгындоо кызматы дүйнөдөгү эң кубаттуу жана таасирдүү кызматтардын бештигине же үчтүгүнө кирет. Бул мактаныч эмес, чындык. Дегеним, кайсы гана чалгындоо кызматы болбосун, мурунку муун калыбына салып кеткен ыкмаларды, эрежелерди колдонуп иштейт. Советтик чалгындоо жогору бааланып келгенин өзүңүз деле АКШлыктардын пикирине таянып айттыңыз. Демек, биздин мектеп дүйнөдөгү алдыңкылардын бири болуп эсептелет. Бул Россиянын балет, математиктер мектеби сыяктуу эле объективдүү нерсе.

Сиз эске салган Юрий Владимирович Андроповдун ысымы Тышкы чалгындоо кызматында эч качан унутулбайт жана жогору бааланат.

Ал киши чыныгы мамлекеттик ишмер болгон. Көптөгөн жылдар бою Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башында туруп, чалгындоо бөлүмүнө өзгөчө көңүл бурган. Ал кезде бул КГБнын Биринчи башкы башкармалыгы болчу.

Айта кетчү нерсе, КГБнын бардык жетекчилери тигил же бул бөлүм боюнча партиялык тизмеде турушчу. Юрий Владимирович Биринчи башкы башкармалыктын партиялык уюмунда мүчөлүк кылып, кызматкерлердин профессионалдык жашоосунда активдүү роль ойноду. Атургай чет элдик маалымат берүүчүлөр менен дагы өзү жолугушчу. Ал 70-жылдардын башында өтө маанилүү чечим кабыл алган. Тагыраагы, дал ошондо Биринчи башкы башкармалык Москвадан чыгарылып, Ясенево аймагына жайгаштырылган. Азыр биздин кызматтын штаб-квартирасы ошол жакта.

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин

— Таза абагабы?

— Ооба, таза абага. Ошондой эле бул нерсе адамдык жана технологиялык потенциалды жогорулатууга шарт түзгөн. Андан бери 50 жыл өтсө дагы ошол потенциал түгөнө элек.

Юрий Владимировичти эске салып жаткан соң дагы айта кете турган нерсе, эки жыл мурда биздин окуу жайдын 80 жылдык мааракеси болгондо, ага кайрадан Андроповдун аты берилди. Ал 90-жылдардын ортосунда Кызыл туулуу институтунан Тышкы чалгындоо академиясына айланган эле. 90-жылдары алып салынган ысымды кайрадан берүү сунушун өлкө президенти дароо колдоого алган.

— Албетте. Эми Тышкы чалгындоо кызматына кадрлар кантип тандаларын айтып берсеңиз. Мисалы, чалгынчы болуу кыялы бар өспүрүмдү элестетели. Ал кандай талаптарга жооп бериши керек? Же бул тармакка капысынан эле бирөөлөр келип калышы мүмкүнбү?

— Россиянын Тышкы чалгындоо кызматына 30 жашка чейинки, жогорку билими бар каалаган адам кирип, иштей алат. Ал үчүн кандай документтер керектигин биздин расмий сайттан окуп алып, жөнөтсө болот. Ушул этаптан тарта узак убакыт бою биз талапкер жөнүндө маалымат топтойбуз. Мисалы, аны маектешүүгө чакырабыз, анын социалдык тармактагы баракчаларын карайбыз дегендей. Кыскасы, анын "жан дүйнөсүн" билишибиз керек.

— Ал эми чет элдиктерге кандай мотивация берилет? Россиянын Тышкы чалгындоо кызматына башка өлкөлөрдүн жарандары дагы иштейт да, туурабы? Ансыз көп нерсени элестетүү кыйын болсо керек. Аларды кантип кызыктырасыздар, кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр, материалдык артыкчылыктар болсо керек? Балким, айтылуу "Кембридж бештиги" сыяктуу идеялык мотивдер болоттур...

— Абдан кызык суроо бердиңиз, Дмитрий. Идеялык мотивация, идея үчүн иштөө – бул өтө кеңири түшүнүк. Бул бир гана мамлекет менен коомдун саясий түзүлүшүнүн принциптери эмес. Мында чет элдиктер биздин мамлекеттин эл аралык саясатына дагы көңүл бурушат. Андан тышкары, маданий, гуманитардык жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын өз орду бар.

Ишенип койгула, дүйнөдө өз алдынча чечим кабыл ала алган, эркин ойлонгон, ошол эле учурда Россиянын эл аралык саясатын баалаган адамдар аз эмес. Алар Россиянын жалпы адамзатынын баалуулуктарын сактоо, тынчтык орнотуу жана алсызды коргоо саясатын жактырышат. Бир сөз менен айтканда, бул адамдар ак менен караны, жакшы менен жаманды айырмалай алышат.

Албетте, мындай кишилер жакшынын тарабында болгусу келет. Азыр эле сиз сөз кылган айтылуу "Кембридж бештиги" дагы ушул максатты көздөгөн.

— Россиянын тарыхында кимди №1 чалгынчы деп атаар элеңиз?

— Бул сурооңузга мындайча жооп берейин. Чалгындоо ишинде кандайдыр бир калыпка салынган эч нерсе жок. Ар бир операция өзүнчө уникалдуу. Андыктан кимдир бирөөнү мыкты деп атоого шарт түзгөн эрежелер жок. Анын үстүнө "алдыңкы катардагы" кызматкерлер эч качан жалгыз иштей албайт. Анын ишин кеңседе отуруп бирөө жөнгө салып турат, окуя болуп жаткан жерде дагы бир кесиптеши иштеп жатат дегендей. Кыскасы, бир операция — бул команданын иши. Кээде бир жумушту 2-3 киши, кээде бүтүндөй бир жамаат аткарып калышы мүмкүн.

Бирок, кандай болгон күндө дагы, мен буга чейин "алдыңкы катардагы" деп атаган адамдын эмгеги жогору бааланат. Ал киши чындап чоң иш кылса, кесиптештери эле айтып отуруп, "айтылуу", "мыкты" же "улуу чалгынчыга" айландырып алышат. Баса, биздин штаб-квартирадагы музейде кызматта артыкчылык көрсөткөн советтик, россиялык чалгынчылардын аты чегилген мрамор плитасы бар. Ал жерден 100дөн ашык ысымды көрүүгө болот.

— Алардын кээ бирлерин атай аласызбы?

— Аларды силер деле билсеңер керек. Мисалы, Алексей Козлов, Геворк Вартанян, Рудольф Абель.

Россиянын АКШдагы элчилиги Мамдепартаменттин доклады боюнча пикирин билдирди

— Демек, мыктылардын ушул үчтүгү экен да?

— Мен азыр эсиме келген үч ысымды атадым, ал эми мындай алып караганда алар бир топ, көп.

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин

— Быйыл Тышкы чалгын кызматынын 100 жылдыгы Улуу жеңиштин 75 жылдыгына туш келип калды. Штирлицтин прототиби болгонбу?

— Ооба, сонун бир кинотасманы, Юлиан Семеновдун романын, Татьяна Лиознованын "Жаздын 17-ирмеми" картинасын эстеттиңер. Албетте, полковник Исаев Максим Максимовичтин - Штирлицтин образы жалпыланган образ.

Чалгын кызматынын бир топ тарыхчылары Штирлицтин прототиптеринин бири Гестапо офицери Вилли Леман болгон дешет. 1941-жылдын башында Вилли Леман Штирлицке салыштырмалуу Гестаподо өтө маанилүү кызматты ээлеп турган, жалпы жашыруун документтерге колу жеткен. Бирок Вилли Леман менен Штирлицтин тагдыры бири-бирине туура келбейт. Эмнеге? Себеби Вилли Леман Гестаподо 1942-жылы атылган, ал эми романдагы жана "Жаздын 17-ирмеминдеги" окуялар, өзүңөр билгендей, 1945-жылдын биринчи айларында болуп жатат.

Анткен менен Леман Улуу Ата Мекендик согуштун алдында кызматташып, өтө маанилүү деген документтердин бир топ бөлүгүн бергендигин түшүнүш керек. Себеби Үчүнчү рейхтин жабык деген өтө маанилүү документтерине колу жетип турган. Бирок белгилей кете турган учур - Юлиан Семенов советтик чалгын кызматынын Гитлердик Германиянын батыштык союздаштары менен сператтык сүйлөшүүлөрүнүн бетин ачуу, анын жолун бууган операцияларын чыгармасына башкы фабула катары алган. Согуш жылдарында мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө бир нече ирет аракеттер жасалып, бирок анын жолун советтик тышкы чалгын кызматы бууп турган.

"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн

— Эми биздин күндөргө кайтып келели. Тышкы чалгын кызматы Америка Кошмо Штаттарынын ичинде эмне болуп жаткандыгына көз салып турат. АКШ дүйнө үчүн маанилүү делген өлкө. Жакында эле президент Путин ири иш-чаралардын биринде бул маанилүү экономика экендигин айтты. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү абал АКШда эмне болуп жатканына жана эмне боло тургандыгына байланыштуу экенин кошумчалады. Албетте, Россияда суверенитеттин деңгээли бийик, анын ичинде экономикалык суверенитет бар. Бирок анткен менен ал жакта эмне болуп жатканы жана ал кандай кесепет же натыйжага алып барарына кош көңүл карабайбыз да.

Ал жакта учурда болуп жаткан нерселерде "түстүү ыңкылаптын" белгилери бар. Албетте, тышкы чалгын кызматы АКШда болуп жаткандарга көз салып турат. Өзүңүз айткандай, биздин жетекчиликке маанилүү, толук жана керектүү делген маалыматты берип турушуңуздар керек. Айтыңызчы, деги ал жакта азыр эмне болуп жатат? Чынында эле "түстүү ыңкылаппы"? Аны кандай терминдер менен атаса болот?

АКШда мамлекет түптөлгөндөн тарта эле расалык негизде чатактар, нааразылыктар болуп келген жана болуп турарын эстесеңиз керек. Жок дегенде 1992-жылы Лос-Анджелестеги 60 киши каза таап, 1 миллиард долларга жакын материалдык зыян тарттырган бунтту эстейличи.

Азыркы ызы-чуулар кара түстүү америкалык жаранды өлтүрүп алуудан келип чыккандыгын жакшы билебиз. Айтканга ооз барбайт, бирок мындай окуялар Америка үчүн кадимки көрүнүш болуп бара жатат. Жыл сайын мындай окуялар кайталанып турат. Бирок учурда шайлоо алдындагы кампанияда эки тарап – республикачылар менен демократтар бул фактордон пайдаланып кетишти. Аны электоралдык негизин бекемдөөдө колдонушту. Бул эми жийиркеничтүү көрүнүш. Алар коомчулуктун туруктуулугун курмандыкка чалышты. Андыктан азыркы башаламандык, нааразылыктар "түстүү ыңкылаптын" коомдук түзүлүштөн, чыныгы турмуштан алыс калган элитага каршы чыгышы.

— Чындыгында "түстүү ыңкылаптын" жүрүшүндө бийлик үчүн күрөшкөндөр мамлекеттин институтун садага чабат. Украина эске түшөт – президенттик институт курмандыкка чалынды, бул парламентти, сотту колго эмне тийсе ошолорду пайдаланышты. Бийлик үчүн күрөш, мамлекеттик жаңы төңкөрүш жана башкалары. Анын бир мүнөздүү өзгөчөлүгү – көчөгө чыккан топ биз караламан калкпыз дейт, калың элдин атынан сүйлөйт. Аны бир ууч кишилер жасайт да көпчүлүккө жаба салат. Ал эми ЖМКлар көбүртүп-жабыртып, жалпыланган бир нерсе түзүлөт. Бирок бул бардык америкалыктарга жакпаса да жасалат. Азыр карасаң, Кошмо Штаттарда баары кайнап жаткандай элес калтырат. Албетте, сиздерге суроо салабыз. АКШ боюнча эмне божомол бар? Эми эмне болот, эмнени күтүш керек? Шайлоодон кийин бул бөлүнүп-жарылуу, ызы-чуу, бул кагылышуу деги бүтөбү? Же өлкө ушуну менен узакка жашап кала береби? Мунун кесепети кандай болот?

— Биздин баа: социалдык кризис ким жеңгенине карабай улана берет. Албетте, жеңилип калган тарап чыккан жыйынтыкка ыраазы болбойт, бул дагы бир топ радикалдарды көчөгө алып чыгат. Мындан улам ушул процесс созулуп кетет деп ойлоп жатабыз. Биринчиден, техникалык себептерден улам добуштарды саноодо создугуп кетет. Себеби шайлоочулардын көпчүлүгү почта менен, алдын ала добуш бергенин эске алыш керек. Аны саноо бир топ убакытты алат.

Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды

- Көптөрү жоголуп да кетти, ызы-чуу, талаш-тартыш жана сот болот...

- Ооба. Мындайча айтканда, бүтүндөй системага нааразылык айткан ири бир нерсе болот. Андыктан америкалык коомчулуктун, Америка мамлекетинин бул кесели кала берет. АКШ экономикалык жана аскердик жактан ири держава болгондуктан, бул жараны башка өлкөлөр да бир топ эле сезет. Ага даяр болуш керек, коркуунун, чочулоонун кереги жок. Анткен менен Россия жана башка мамлекеттер мурдагы гегемонсуз, ал катышпаса деле бул же башка эл аралык көйгөйлөрдү жөнгө салууда бай тажрыйбага, чечимдердин куралына ээ болуп калды.

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин

— Эми башка өңүткө өтөлү деп турам. Россиянын союздаштарынын бири – Кытай. Россия лидери ал тургай аскердик союздаштык туурасында ой-толгогону бар. Өлкөлөр ортосунда ишеним деңгээли жогору болгондуктан, бул милдеттүү түрдө керек болбосо да, формалдуу түрдө аны бир нерсе менен бекемдеш керек дегендей мааниде айткан....

Кытай менен Россиянын мамилеси биздин батыштык досторубузга жага бербей тургандыгын айттыңыз. Сиз чалгындоонун жетекчиси катары мамилелерге каршы кандайдыр бир чагымчылдык аракеттерди байкаган жоксузбу? Негизи досторду да араздаштыра турган технологиялар бар эмеспи. Андайларды байкап, чынында эле баам сала жүрөсүздөрбү?

— Ооба, албетте. Андай нерселерди байкайбыз, америкалык бийликтин тигил же бул өкүлдөрү, мамлекеттик департаментте иштегендер эмне кылып жатканынан кабарыбыз бар. Өнөктөштөрү менен маектешип, кызматташууга ажырым кылышы үчүн кандай чагымчылдык тезистерди коюп, эмнелерди кантип жасап жатканын билебиз. Россия менен Кытайдын өз ара кызматташуусунун негизинде өнөктөш мамилелер өтө жогорку деңгээлде экендигин айткым келет.

— Кытайлык кесиптештер менен ишенич жараткан маалыматтарды алышып-беришип турасыздарбы?

— Дал ошондой.

— Өтө кылдаттыкты талап кылган темалардачы?

— Ооба, маалымат алмашып турабыз. Бирок бул сөзсүз түрдө террордук тематикаларда болот. Биздин чалгындоо тармагындагы өз ара кызматташууда ар бир чалгын кызматынын досьелеринде бар. Бирок кытайлык кесиптештер менен тигил бул көйгөйлүү делген жерлер, маселе курч турган суроолордо жасалган анализдерди бөлүшүү бар. Ал эми биздин берген баалар негизинен бир жерден чыгат.

— Кытайлык чалгын кызматынын мүмкүнчүлүгүнө, күчүнө берген бааңыз? Кандай термин менен айтар элеңиз?

— Россиялык чалгындоо сыяктуу эле кытайлык атайын кызматтар дүйнөдөгү мыкты, күчтүү делген бештиктин катарына кирет. Кайталап коеюн, кытайлык кесиптештерибизге зор урматтоо менен мамиле жасайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0