Атактуу футболчу Диего Марадона ооруканага түштү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-октябрда 60 жашын белгилеген футбол адисинин акыркы жылдары басуусу кыйындап, өзүн начар сезип калган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Аргентинанын курамында футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон Диего Марадона ден соолугуна байланыштуу Ла-Платадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, учурда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. 30-октябрда 60 жашын белгилеген футбол адисинин акыркы жылдары басуусу кыйындап, өзүн начар сезип калган.

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

Буга чейин Марадона менен байланышта болгон адамдан коронавирус илдети аныкталгандыктан, дүйнө чемпиону обочолонууга алынган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0