Коронавирустан аялдар арасында кош бойлуулар көбүрөөк каза табары айтылды

© AFP / TARSO SARRAFСитуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бразилии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер COVID-19 менен ооруп айыккан кыз-келиндер наристелүү болууну пландап жатканда медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кош бойлуулар башка аял-бейтаптарга караганда коронавирустан көбүрөөк каза табат. Бул тууралуу РИА Новости Американын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборуна шилтеме берип жазды.

Мындай тыянак 22-январдан 3-октябрга чейинки статистикага таянуу менен чыгарылган.

Анда коронавирус жуктурган 19 миң кош бойлуунун арасынан 33ү көз жумуп, бул категориядагы өлүм көрсөткүчү 0,2 пайызды түзгөн. Боюнда жоктордун арасында бул сан эки эсе аз болгон.

Сасык тумоо менен коронавируска бир убакта кабылуунун кооптуулугу эмнеде

Адистер бул тобокел аял бала күтүп жатканда дене бой түзүлүшүндө жана иммундук системасында өзгөрүүлөр болуп, өпкөсүнүн сыйымдуулугу төмөндөп дем жетпей, жүрөгү бат-баттан согушу менен байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

Дарыгерлер COVID-19 менен ооруп айыккан кыз-келиндер наристелүү болууну пландап жатканда медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин эскерткен. Бөтөнчө, дартты жеңгенден эки айдан кийин энтигүүсү басылбай жаткандар ооруканага сөзсүз кайрылышы керек. Себеби боюнда бар кезде бул көрүнүш күчөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0