Лукашенко Кыргызстандагыдай элдик кошуундарды түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМитинг в поддержку действующего президента Белоруссии А. Лукашенко в Минске
Митинг в поддержку действующего президента Белоруссии А. Лукашенко в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларусь лидеринин айтымында, Кыргызстандагы саясий окуяларда элдик кошуундар коомдук тартипти камсыздап, күч түзүмдөрү менен бир муштум болуп иштеди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандагыдай кылып элдик кошуун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

Мамлекет башчы шаар ичинде милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөктөшкөн ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүү тууралуу ИИМдеги жаңы кадрдык дайындоолор маалында билдирди. Тагыраагы, Юрий Караев мекеме башчылыгынан кетип, ордуна Иван Кубраков келген.

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар

"Бизде элдик кошуундар жапа тырмак ишке кирише элек. Кыргызстанда эмне болгонун көрдүңөрбү. Башаламандыкта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери качып кеткенде өлкөнү коргоо жоопкерчилигин ким алды? Элдик кошуундар. Алар качып кеткен милиционер, аскер, атайын кызматтагыларды кошуп алып, күчтүү элдик кошуунду түзүштү. Анан бир сутканын ичинде эле өрткө суу сээп коюшту", — деген Лукашенко.

Өлкө башчысы мобилдик отрядга мурдагы аскер кызматкерлерин, анын ичинен "афганчыларды" тартууну айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0