13:03 26 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR100.9883
  • RUB1.1236
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
191 0 0

Вашингтон кытайлык иштелмелерди улуттук коопсуздукка коркунуч катары бөгөттөгөнчө, Кытай америкалык мамлекеттик облигациялардын триллиондук портфелин арзандатып сатуу менен доллардын курсун да, баалуу кагаздардын рыногун да кыйратып кое алат.

Бул бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн өтө кооптуу сценарий. Пекин кадамын канчалык ыраак таштай аларына сереп салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Технологиялык согуш

Январда дүйнөнүн эки ири экономикасы соода согушун бүтүрүүгө маанилүү кадам жасаган: сооданы акырындап калыбына келтирүүгө багытталган биринчи фаза боюнча келишимге кол койгон. Бирок COVID-19 пандемиясы баарын бузду.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

Вашингтондогулар Пекинди коронавирустун таралышына айыптап, акчалай компенсация талап кылды. Аны менен чектелип калбастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканын жарыялап, аны Кытайдын ишин кубаттоодо деп зекиген.

АКШдагы президенттик шайлоонун жакындашы менен чыңалуу улам күч алууда. Трамп кытайлык компаниялардын америкалык экономикага "келтирген зыяны" жөнүндө кайрадан эстеди. Анын оюнда кытайлыктар өндүрүштү өздөрүнө "тартып", технологиялык сырларын уурдап алган имиш.

Августта Вашингтон Пекинге интернет жана социалдык медиа аркылуу шайлоого кийлигишүүдө деген кине таккан. Кытайлык TikTok Кошмо Штаттардын жетекчилигинин каарына калган. Ага тыюу салуу керек, болбосо КЭР бул сервистен пайдаланган америкалык жарандардын жеке маалыматтарын ала баштаарын билдиришет Ак үйдөгүлөр.

TikTok сервисинин ээсин — кытайлык ByteDance компаниясын бул бизнести америкалык компанияларга сатууга мажбурлап жатышат. 12-ноябрга дейре бул ишке ашырылышы керек. Антпесе, Трамп сервиске бөгөт коерун айтып опузалаган.

Пекин буга эмне деп жооп берери али белгисиз. Эксперттер кытай бийлигинин TikTok сервисин коргоп калууга жүйөлөрү деле жок, анткени аны "зыяндуу", "адепсиз контентти" жайылтууда, "социализм баалуулуктарына" шайкеш келбейт, кытай жаштарын жаман жолго салууда деп эсептешет.

Бирок Вашингтон Huawei — ири кытай технологиялык компаниясын да кысымга алууда.

Пекин "улуттук коопсуздукка коркунуч" туудурушу ыктымал деген чет өлкөлүк компанияларга стратегиялык материалдарды жана технологияларды экспорттоого тыюу саларын айткан.

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

Олуттуу сүйлөшүү

Аны менен катар эле Пекиндегилер КЭРдин колунда андан да олуттуу рычагы бар экенин эскертти. Кеп АКШнын триллион долларлык мамлекеттик облигациялары туурасында. АКШ менен болгон соода тирешинен улам Кытай пландуу негизде бул кагаздардан арылып келген.

1,32 триллион долларлык чегинен 2014-жылдын ноябрында америкалык мамлекеттик карызга инвестициялар 200 миллиарддан ашуун каражатка азайган. Жыйынтыгында 2019-жылдын июнь айында трежеристин чет өлкөлүк ээлеринин лидерлиги Японияга өткөн: Токионун колунда 1,12 триллиондук облигация бар.

Америка Каржы министрлигинин соңку отчету көрсөткөндөй, сентбярдын ортосуна карата кытай портфели 1,08 триллионго кыскарган. Жылдын биринчи жарымында Пекин трежеристи 106 миллиардга түшүргөн — бул сатуунун 2015-жылдан берки эң ыкчам ыргагы.

Бирок кеп экономикалык тиреште гана эмес. Кытайдын америкалык мамлекеттик карыздан кутулуу себептеринин бири — басуучу станоктун тынымсыз иштешинин кесепетинен улам доллардын нарксыздануу тобокелдиги. Карыз да өсүүдө. Сегиз ай ичинде Кошмо Штаттар 7,7 триллиондук казыналык облигацияны чыгарган, мындай көрсөткүч — рекорд. Башкача айтканда, экономикасын карыз алуу менен гана колдоодо.

Пекин Вашингтондо экономикалык көйгөйлөрдү басуучу станоктун жардамысыз чече албастыгын көрүп турат. Ошондуктан америкалык мамлекеттик карызга салым салуу кескин кооптуу экенин белгилейт кытайлык Global Times.

Ири арзандатуубу?

АКШ жана Кытай жаңжалынын ырбашы кокус америкалык экономиканын экинчи саптагы ири чет өлкөлүк насыякорунун сабыры түгөнүп, трежеристи арзан сатууга киришиши мүмкүн деген чочулоону ого бетер күчөтөт.

Мындай кадамдын кесепеттери чоң кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул баалуу кагаздар жапырт ташталса, рынок дүрбөлөңгө түшөт. Бирок андай жол Кытайдын өзүнө пайдасыз. Биринчиден, 100-200 миллиардга облигацияларды кыска мөөнөттө сатуу алардын баасын төмөндөтөрү айкын.

Бул учурда Кытайдын өзүнүн тышкы активдери жана резерврдеринин наркы да арзандаган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн пайда сымал эле кескин ылдыйлайт.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Ага кошумча, доллар да кыйрайт, ал эми КЭРге мунун кажети жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытайлык экспортту кымбаттатат. Мындан тышкары, АКШнын казыналык милдеттенмелерин таштаса, соода согушу көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо, Пекиндин юанды тескөө мүмкүнчүлүгүн да бир далай чектейт. Акыры трежеристи сатуудан түшкөн долларларды бир жакка салуу зарыл, ал эми бул оңой-олтоң эмес.

Тек гана Кытайда көйгөй чыкпайт, бул иште эч ким "соо" калбайт. "Америкалык облигациялардын пирамидасы бузулса, демек, бүт дүйнөнү каржылык башаламандыкка кептейт. 1998 жана 2008-жылдардагы каатчылык баланын оюнундай эле болуп калат. Ошондуктан жакынкы келечекте андайга жол берилери арсар", — деп баса белгилейт Chatex криптовалюталык банкынын башчысы Майкл Росс Жонсон.

Доллар жана трежеристен баш тартуу акыркы жылдардагыдай эле баскыч-баскыч менен болушу мүмкүн. Кытайлык алдыңкы экономисттердин бири, Шанхай финансы жана экономикалык университетинин профессору Си Цзюньяндын пикиринде, жагдай кадыресе нукта кетсе Пекин АКШнын казыналык облигацияларынын портфелин болжол менен 800 миллиард долларга "акырындап кыскартат". Бирок мисалы, аскердик тиреш тутанып кете турган болсо, кооптуу вариант да ишке ашырылышы ыктымал.

Кытай АКШ баалуу кагаз коркунуч согуш маалымат карыз

Тема боюнча

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

ЭҢ МААНИЛҮҮ