WhatsApp тиркемесине билдирүүлөрдү коргоочу функция киргизилет

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМессенджер WhatsApp
Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай опция буга чейин Face ID датчиги бар iOS каражаттарынын колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү болгон. Эми Android үчүн да иштелип жатат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенджерине жакында гаджеттин ээсинин бетинен тааныган жаңы функция ишке киргизилет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды. 

Маалыматтарга ылайык, Android системасынын колдонмолорунун бета-версияларынын биринин жашыруун кодунда жүздү (бет түзүлүштү) сканерлөө айтылган.

Порталдын маалыматы боюнча, саамалык колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн киргизилет. Мындай опция буга чейин Face ID датчиги бар iOS каражаттарынын колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү болгон.

WhatsApp тиркемесине жаңы кызмат кошулат. Пайдасы

Жаңы функция жалпы колдонууга качан чыгары азырынча айтыла элек.

Инсайдерлер Android-смартфондордун көпчүлүгүндөгү мындай биометрикалык кулпу iPhone деңгээлиндегидей маалыматтарды коргоону камсыздай албай турганын белгилешет. Аны сүрөт же бет түзүлүшү окшош адам менен алдап коюуга болору айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0