Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГодовщина пребывания В. Зеленского на посту президента Украины
Годовщина пребывания В. Зеленского на посту президента Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украина лидери муз аянтчанын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан учурда катуу үн чыккан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарындагы Mariupol Ice Center муз аянтынын ачылыш салтанатында катуу чыккан үндөн чочуп кетти.

Окуянын видеосун "Страна.ua" Telegram-каналы жарыялады.

Окуя муз аянтчанын ачуу салтанаты бүткөндөн кийин болду. Расмий иш-чара аяктагандан соң "Мариуполь" менен "Сокол" (Киев) хоккей командаларынын беттеши башталган. Бул учурда украина лидери муз аянтынын маалымат борборунда машыктыруучулар, спортчулар жана чиновниктер менен жыйын куруп жаткан.

Видеодо көрүнүп тургандай, президент сүйлөп жатканда күтүүсүз жерден катуу үн чыккан. Зеленский чочуп кетип, кулагын жаап калганы көрүнүп турат. Ал учурда анын жанына дароо жан сакчы келе калган.

"Баары жайында, баары жайында", — деген Зеленский.

Президент андан ары тамашага салып жыйында жалаң баатыр жүрөктүү спортчулар отурганын айтып сөзүн улаган.

Зеленский трибунада сүйлөп жаткан Лукашенкону чочутту. Видео

Зеленский техникалык себептерден улам жолугушууну үн күчөткүчсүз эле улантууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0