Рим папасы Франциск бир жыныстуу никени мыйзамдаштырып берүүгө чакырууда

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүүРим папасы Франциск. Архив
Рим папасы Франциск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин өкүлүнүн айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Демек, бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Рим папасы Франциск бир жыныстагы адамдарга мыйзамдуу түрдө никеге турууга уруксат берүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЛГБТ коомчулугундагы адамдарды дагы Кудай жараткан жана алар үй-бүлөлүү болууга укуктуу. Андыктан бул нерсени мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу зарыл.

"Бул үчүн бир дагы адам коомдон куулуп же бактысыз болбошу керек. Биз бул дүйнөгө душмандашуу үчүн эмес, үй-бүлөлүү болуу үчүн келгенбиз", — деди Рим папасы.

Эске салсак, ал башынан эле бир жыныстагы адамдардын баш кошуусун колдоп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0