Чаташтырбайлы! Коронавирустун 4 түрү аталды

© REUTERS / Phil NobleСитуация в Великобритании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Великобритании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер COVID-19ду адамдар түрдүүчө кабыл аларын белгилеп, аны бир нече түргө бөлгөн. Эң акыркысы өнөкөт оорулары барлар үчүн өтө кооптуу деп саналат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников коронавирус инфекциясынын төрт түрүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Вирусолог COVID-19га каршы вакцина жардам бере албай турган адамдардын тобун атады

Анын айтымында, COVID-19ду адамдар түрдүүчө көтөрөт.

  • оорунун симптому жок өтүшү;
  • курч кармаган респиратордук оорунун белгилери бар коронавирус;
  • жеңил пневмония түрүндө абалдын оорлошу;
  • илдеттин оор пневмония коштолгон аргессивдүү формасы.

Медик белгилегендей, дарттын төртүнчү түрү өнөкөт оорулары барлар үчүн өтө кооптуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0