МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюталык фондунун имараты. Архив
Эл аралык валюталык фондунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, ири улуттук каржылык уюму Covid-19 пандемиясынын шылтоосу менен 1944-жылга кайтууга же кеминде эле 1944-жылды кайталагысы бар.

Эпидемиянын экономикалык жана гуманитардык кесепеттерин жеңүүгө дүйнөгө көмөкчү болуу туурасындагы МВФ жетекчисинин бул бийик сөздөрүнүн төркүнү башка чоң нерседе көрүнөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бедели өтө төмөн каржылык структуранын гуманисттик ойлоруна бул вашингтондук уюмдун кезектеги карыздары "экономиканы көтөрүү үчүн МВФтин талаптарын" аткаруу үчүн социалдык программаларын кыскартып, мамлекеттик ишканаларын арзыбаган баага сатканын эч качан көрбөгөн киши гана ынанышы мүмкүн. Аталган финансылык уюм тууралуу Иван Данилов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы кредитору (маңызында "планетанын башкы Шейлогу") дагы да баягы эле "глобализм" версиясын жайылтууга багытталат. Аны кандай жагдайда болбосун адилеттүү деп атоого болбойт.

Эгер Covid-19 эпидемиясынын башында батыш маалымат каражаттары жана серепчилери глобализм версиясындагы жашоо үчүн тынчсызданып, деглобализациядан чочулашса, азыр "негизги Шейлок" өзүнө дагы бир Бреттон-Вуд конференциясы керектигин айтып, башкача айтканда, 1944-жылы фонддун түзүлүшүнөн берки схема эпидемиянын курмандыгы болгонун, кызуусунда жаңы, жакшыртылган версиясын тезинен дүйнөгө жайылтууну көздөөдө.

Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева Андорра фондунун киришине арналган расмий билдирүүсүндө тарыхый учур келгенин белгиледи.

"Биз 190-мүчөбүз катары Андорраны күтүп турганыбызда МВФтин иши адамзаттын бир туугандыкка негизделген кызматташтык жана шериктештигинин баалуулуктарынын күбөсү болуп саналат.

Бүгүн биздин алдыбызда жаңы бреттон-вуд "учуру" турат. Миллиондон ашуун өмүрдү алып кеткен пандемия. Дүйнөлүк экономиканы 4,4%га кыскартып, келерки жылы өндүрүштү 11 триллион долларга кыскартууга алып келе турган экономикалык катастрофа. Адамзат он жылдардан берки ири кыйроо жана улам тереңдеп бара жаткан жакырчылык менен бет келди. Кайрадан биз эки ири милдетти аткарууга: каатчылык менен бүгүн күрөшүп, мыкты келечекти түзүүгө тийишпиз", – деди ал өз сөзүндө.

Американын вакцинага акчасы жеткен жок

1944-жылдагы конференциядан анык эмес бир эпизодду эске салып коюу дурус. Ал конференцияда ар кандай өлкөлөрдүн 44 өкүлү Эл аралык валюталык фонддун уставына кол койгон. Конференцияга чакырылган советтик дипломаттар глобалдык фонд-кредитордун сунушталган иш эрежелери менен таанышкан соң кетип калышкан. Уюштуруучуларга да алар жаңы структура "Уолл-стриттин эле филиалы" болот деп айтышкан. Алардын айтканындай эле болду. "Бреттон-Вудс 2.0" деле ошол эле принциптер менен иш алып барат дегенге негиз бар. Мисалы, МВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү эпидемия жүрүп жаткан убакта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алган карыздардын тунуктугу үчүн түйшөлөт. МВФ бүгүн эмнени сунуштап турат: "Биз карыздардын ачыктыгына умтулуп, кредиторлордун координациясын күчөтүүгө умтулуубуз зарыл. "Чоң жыйырманын (G20)" "Суверендүү карызды жөнгө салуунун жалпы негиздери" жаатындагы дискуссиясы, ошондой эле суверендүү карызды, анын ичинде жеке тармакты да катыштыруу менен жөнгө салуунун түзүлүшүн жакшыртууга чакырыгыбыз бизди шыктандырат. Биз мүчө өлкөлөрүбүз менен биргеликте алардын саясатын колдойбуз".

Сыртынан жакшы эле, бирок америкалыктардын "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүлүштү сактоо" дегени "Россия Крымды кайтарууга тийиш", ал эми "карыздын ачыктыгы" дегени бул Кытайга тиешелүү.

Февралда эле япониялык экономикалык Quartz басылмасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кытай таасири менен МВФ жана Дүйнөлүк банктын күрөшү туурасында жазган.

Ири кредитор болуп саналбаса да, африкалык өлкөлөрдө капиталдын таасирдүү булагына айланган Кытайдын таасирине МВФ жана Дүйнөлүк банк тынчсызданат. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасстын айтымында, көйгөй ачыктыктын жоктугунда. "Жаңы кредиторлордун айрымдары Париж клубуна кирбейт, менимче, бул туурасында айтканыбызда адамдар муну Кытай деп түшүнүүгө тийиш", – деген эле Малпасс. "Алар (кытайлык структуралар – авт. тактоосу) насыялоонун көлөмүн кеңейтишти. Бул кайсы бир мааниде жакшы. Бирок алар түзгөн контрактта жарыялабоо туурасында пункт камтылат. Бул Дүйнөлүк банк же жеке секторго келишимдин шарттары кандай экенин көрүүгө тыюу салат". Карызды кечүү маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытайдын өзү менен эмес, МВФ жана Батыш өлкөлөрүнүн катышуусунда көп тараптуу форматтын алкагында чечилген.

Жаңы дүйнөлүк каржылык бир туугандыкты куруу аракети Пекин абдан жолтоо болуп жаткан колониалдык эмес схеманы кандай жол менен болсо да коргоп калуу далалатындай туюлат.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

МВФ жаркын келечек түзүүгө ниеттенген дагы бир принцип россиялык экономикалык коопсуздук жана бюджетине түз коркунуч туудурат. "Пандемия көрсөткөндөй, биз эми саламаттык сактоо тармагындагы алдын ала көрүлчү чараларды, климаттын өзгөрүшүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени ал макродеңгээлде чечүүчү мааниге ээ жана өсүү, өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Бул адам жана планета үчүн да абдан кооптуу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, жашыл инвестициялар менен көмүртектин жогорку баасынын туура айкалышында 2050-жылдары экологиялык, миллиондогон жумуш орду түзүлгөн дүйнө курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Төмөн пайыздык чен менен салынган туура инвестициялар эртеңки күнү төрт эсе дивиденд алып келиши мүмкүн. Болочоктогу чыгымдарды жоюп, экономикалык кирешени өбөлгөлөп, өмүрлөрдү сактап, жалпыга социалдык жана экологиялык пайда алып келиши ыктымал.

Иш жүзүндө бул Батыш өлкөлөрү технологиялык прогресстин жыйынтыктары менен 150 жыл жыргап, ал эми калган дүйнө "климатты өзгөртүү" деген ураан алдында түбөлүк жакырчылыкка тушугушу мүмкүн. Анткени бул маңызында арзан электр кубатын, жеткиликтүү баадагы бензин, кышкысын жетиштүү баада жылуулук жана жөнөкөй эле үзгүлтүксүз электр кубаты менен жабдууга тыюуну туюндурат.

Жашыл энергетика түзгөн жумуш орундары — бул эл аралык чиновник, экологиялык активисттер жана жашыл энергетикадагы европалык жана америкалык компаниялардын акционерлери. Булар мамлекет жана керектөөчүлөрдүн эсебинен өз өндүрүмдөрүн жогорулатылган баада таңуулап сата алышат.

МВФтин жетекчиси айткан "көмүртектин жогору баасы" Евробиримдик улам Россияга каршы киргизери менен опузалап келген "көмүртек тарифинин" эле кабары.

Россияга каршы көмүртек тарифтери киргизилсе, РФтин экспортчулары (социалдык программалары менен бирге россиялык бюджет да) жылына ондогон миллиард долларды жоготот, бирок Грета Тунбергдин күйөрмандары жана жашыл экономиканын тарапташтары бакытка бөлөнүшөт.

МВФ сүрөттөп жаткан жаркын келечек — эзоп тили менен жазылган антиутопия, экология — бул жакырчылык, транспаренттүүлүк (тунуктук) — бул Вашингтон менен МВФке баш ийүү.

"Бреттон-Вудс 2.0" үчүн эмес, тескерисинче, 1944-жылы АКШда түптөлгөн ушул глобалдык желмогузду түп-тамырынан жоготуу үчүн биз чындап тарыхый учурдун алдында турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0