Трамп өзүн суперменге теңеп жиберди

© AFP / SAUL LOEBАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ лидери коронавируска каршы иммунитети бар экенин жана буга кошумча дары ичкенин айтып, анын укмуштуудай таасирин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска каршы антителолордон турган жаңы коктейль ичип, өзүн супермен сезгенин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мен Regeneron дарысын ичтим, аны жарым жыл мурда бир да адам уккан эмес. Коктейлди ичкенден кийин өзүмдү супермен сезип жатам", — деген Трамп.

Трамп франциялык кесиптеши Макронду премьер-министр деп салды

Ошондой эле президент америкалыктарга вакцинанын жакын арада иштелип чыгарын убадалаган. Мындан тышкары, ал коронавируска иммунитети бар экенин жана бул эпидемия эмдөөсү жок эле жакынкы мезгилде "өзү кетерин" кошумчалаган. Медиктер Трамптын бул айткандарын сынга алды.

Октябрдын башында Американын лидери Дональд Трамп менен канайым Мелания Трамптан коронавирус аныкталган. Ал ортодо Трамптын абалы кескин начарлап кеткени, кайра өзүн жакшы сезип калганы айтылган. Үч күн ооруканада жаткандан кийин үйүнө чыгарылып, коронавируска улам тест тапшырып жаткан. Соңку ирет дарыгерлер Трамптын коронавирусту башкаларга жуктуруу коркунучу жок экенин маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0