WhatsApp тиркемесине жаңы кызмат кошулат. Пайдасы

© Фото / Pixabay / Jorge HenaoПриложение WhatsApp
Приложение WhatsApp  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта мессенджердин колдоо кызматына кайрылуу үчүн электрондук дарегине кат жөнөтүлөт. Эми адистер аны жөнөкөйлөтүп жатат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. WhatsApp тиркемесинде жаңы функция киргизилет. Анын жардамы менен мессенджердин ичиндеги атайын чаттан колдоо кызматына байланышса болорун WeBetaInfo порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, Android үчүн 2.20.202.7 тиркемесинин бета-версиясынын оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм пайда болду. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат.

Хакерлер кантип Instagram-аккаунтту талкалап, телефонду аңтарышат

Аталган кызмат учурда иштелип чыгууда, качан даяр болору белгисиз.

Эскерте кетсек, ушул тапта мессенджердин колдоо кызматына кайрылуу үчүн электрондук дарегине кат жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0