Каны кайсы топко кирген адамдар коронавирустун алдында алсыз болот? Изилдөө

© AFP / HUGO BORGESКан анализин алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Кан анализин алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даниялык адистер коронавируска анализ тапшырган 473 000 кишинин маалыматын салыштырып көргөн. Тесттин жыйынтыгы оң чыккандардын арасында каны биринчи топко кирген адамдар аз катталган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Каны биринчи топко (AB0) кирген адамдарда коронавирус жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн. Оорунун өтүшү да канга байланыштуу. Бул тууралуу РИА Новости Blood Advances журналына жарыяланган изилдөөлөргө таянып кабарлады.

Даниялык адистер коронавируска анализ тапшырган 473 000 кишинин маалыматын салыштырып көрүшкөн. Тесттин жыйынтыгы оң чыккандардын арасында каны биринчи топко кирген адамдар аз катталган. Коронавирус аныкталгандардын көбү каны экинчи (А), үчүнчү (В) жана төртүнчү (АВ) топко киргендер болуп чыккан.

Окумуштуулардын айтымында, кандын биринчи тобунда организмге вирусту коё берген антиген эритроциттери жок.

Канаданын ооруканаларында коронавирус жуктуруп алып оор абалда жаткан 95 бейтапка дагы бир изилдөө жүргүзүлгөн. Анда каны экинчи жана төртүнчү топко киргендерде оору өтүшүп кетип, интенсивдүү терапияны жана өпкөнү жасалма дем алдырууну талап кылышы мүмкүн экени аныкталган.

Буга чейин Кытай, АКШ жана Ирандын окумуштуулары каны экинчи топко киргендер башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк каза болот деген жыйынтыкка келишкен.

Дүйнөлүк уюм коронавирусту дарылоодо пайдасы жок дарыларды атады

Изилдөөгө ылайык, коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын арасында каны үчүнчү жана төртүнчү топко киргендер азыраак. Ал эми биринчи топко киргендер коронавируска бир топ туруштук бере алары аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0