Аткаминер ич кийимине миңдеген доллар катып баратып кармалды. Бразилиядагы окуя

© AP Photo / Ahn Young-joonИч кийим. Архив
Ич кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сенатор күнөөсүн танган. Аны коронавируска берилген мамлекеттик акчаны кымырып алган деген шектенүүнүн негизинде кармашкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бразилиянын өкмөтүнүн вице-спикери, аталган өлкөнүн президентинин тарапташы Чико Родригести шымдын ичиндеги ич кийимине ири суммадагы акча катып алып бараткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу O Globo басылмасы жазган.

Мамлекеттин башчысы Жаир Болсонару аны антикоррупциялык текшерүүдөн өтүп кармагандан кийин иштен бошоткон. Сенаторду тинтүү коронавируска берилген мамлекеттик акчаны өзүнө кымырып алган деген шектенүүнүн негизинде жүргөн. Тартип коргоочулар аткаминердин ич кийиминен 30 миң реал (5 400 доллар) тапкан.

Канат Исаев кылмыштуу топко акча таратып жатабы? Видео качан тартылган

Тартип коргоочулар бул уурдалган акчанын бир гана бөлүгү экендигин билдиришкен.

Маалыматта Родригес акча анын ич кийиминде кантип катылып калгандыгын азырынча түшүндүрүп бере электиги жазылган. Бул жаңылык социалдык тармакта юморду пайда кылып, #PropinaNaBunda деген хештег менен посттор тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0