Вирустар толуп калат. Кеңседеги эң кооптуу буюм аталды

© AFP / HANDOUTОфисти дезинфекциялоо. Архив
Офисти дезинфекциялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, компьютерге отурардан мурда жана иштеп бүткөндөн кийин колду таза жууш керек. Анткени абада калкып жүргөн вирустар клавиатурага түшө берет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Компьютердин клавиатурасына микробдор толо бергендиктен, ал кеңседе вирус таратуучу эң кооптуу буюм болуп эсептелет. Бул тууралуу россиялык инфекционист Ирина Шилкина кабарлаганын "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Компьютердин клавиатурасы — бул оору жайылтуучу буюм. Айрыкча, кеңседе өтө кооптуу. Себеби аны тазалоо кыйын. Мындан улам клавиатуранын кнопкаларында бактерия, вирус, коронавирус дагы топтоло берет", — деди Шилкина.

Анын айтымында, компьютерге отурардан мурда жана иштеп бүткөндөн кийин колду таза жууш керек. Антпесе абада калкып жүргөн вирустар клавиатурага түшө берет.

Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок

Шилкина колду жөн эле жууп койбостон бир жарым мүнөткө чейин өз эрежеси менен жууп-тазалоо керектигин белгилеп өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0