Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров
Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения менен Азербайжандын согуш отун токтотууга, туткунга түшкөндөр менен каза болгондордун сөөгүн алмашуу боюнча кепке келишкени менен кармаш дагы деле уланып жатат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Тоолуу Карабахтагы саясий абалдын жөнгө салынышы эки тараптын келишиминен сырткары конкреттүү кадамдар менен кошо жүрүшү керек. Бул тууралуу Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Теңтөрагалар иштеп чыккан жана дагы иштеп чыгып жаткан сунуштар сүйлөшүүлөрдүн столунда калат. Анда эмне жазылганы белгилүү. Бул этап-этабы менен Армения жана Азербайжандын ортосундагы ишенимдүү байланыш болгон Карабахтын макамы аныкталганга чейин коопсуздукка кепилдик берүү менен Карабахтын айланасындагы райондорду акырындап бошотуу", — деп айткан ал журналисттерге.

"Капканга түштү". Карабахтагы кагылышуу эмнеге басылбай жатат

Министр акыркы учурда улам келип жаткан көңүл түшүргөн кабарлар саясий процессти активдештирерине үмүт арткан.

Аймактагы чатак 1988-жылдан, Тоолуу Карабах автоном облусу өзүн Азербайжан ССРинин аймагынан чыкканы боюнча жар салгандан тарта башталган. Анын кесепетинен 1992-1994-жылдардагы куралуу каршылыктан кийин Баку аймакка жана ага караган жети районго көзөмөл кылуу укугунан ажыраган.

1992-жылдан тарта Россия башында турган жана АКШ менен Франция катышкан ЕККУнун Минск тобунун алкагында чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Азербайжан аймагынын бүтүндүгүнүн сакталышын талап кылса, Армения таанылбаган республиканын кызыкчылыгын коргоодо.

Карабах чыры: Баку менен Ереван согуш отун токтотууну чечишти

27-сентябрдын таңында аталган жердеги чектешкен аймакта абал курчуган. Баку менен Ереван кырдаалдын чыңалышы боюнча жоопкерчиликти бири-бирине арткан. Чырга катышкан тараптар толук жана жарым-жартылай мобилизация жарыялап жиберишти. Тирешүүнүн кесепетинен аскерлерден сырткары жай адамдардын арасынан каза тапкандар болду.

9-октябрда Москвада Армения менен Азербайжандын ТИМ жетекчилеринин 9 саатка созулган сүйлөшүүлөрү жүрдү. Тараптар согуш отун токтотууга, туткунга түшкөндөр менен каза болгондордун сөөгүн алмашуу боюнча кепке келишкени менен кармаш дагы деле уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0