Узун буттуу өспүрүм кыз эки ирет дүйнөлүк рекорд койду. Сүрөттөр

© Sputnik / Табылды КадырбековМодель көргөзмө учурунда. Архив
Модель көргөзмө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маки Карриндин буттары кыздар жана өспүрүмдөр арасында эң узун экени далилденди. Кыздын бою 1 метр 98 сантиметр болсо, анын 135 сантиметри буттарына туура келет.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Техас (АКШ) штатында жашаган 17 жаштагы Маки Каррин буттарынын узундугу боюнча эки ирет дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу CNN телеканалы жазды.

Анын буту дүйнөдө кыздар жана өспүрүмдөр арасында эң узун экени далилденди. Кыздын бою 1 метр 98 сантиметр болсо, анын 135 сантиметри бутуна кеткен.

Апасы кызынын бою өтө узун болорун кичине кезинен эле өзү теңдүүлөргө салыштырып билгенин айтат. Учурда Маки апасынан гана эмес, атасынан, агасынан дагы узун.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝙼𝚊𝚌𝚒 𝚌𝚞𝚛𝚛𝚒𝚗 (@_maci.currin_)

Кыздын өзүнүн айтымында, жогорку класстарда окуй баштаганда боюнун айынан өзүн ыңгайсыз сезчү. Кийин Instagram аккаунт ачып алган соң белгилүү болуп кеткен. Учурда өзү сыяктуу өспүрүмдөргө боюнан уялбай, тетирисинче, сыймыктануу керектигин айтып, кеңеш берип келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝙼𝚊𝚌𝚒 𝚌𝚞𝚛𝚛𝚒𝚗 (@_maci.currin_)

Ал социалдык тармакка 2019-жылдын декабрь айында катталган. Ошондон тарта баракчасына 50 миңдей киши жазылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0