Ким Чен Ын өз элинен кечирим сурады. Себеби

© REUTERS / KCNA KCNAТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лидер "Эмгек" партиясынын 75 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып, ушул убакка чейин элине тийиштүү түрдө жооп бере албаганы үчүн өзүнө кечирим жок экенин айтты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзүнүн жакшы жетекчи эмес экенин моюндап, элинен кечирим сурады. Андан соң элдин ишенимин актоо үчүн жанын берүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграфтык агенттикке шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындай сөздөрдү ал "Эмгек" партиясынын 75 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып айткан.

"Мен ар дайым жарандардын асмандай кенен, көлдөй терең ишенимине ээ болуп келем. Бирок ушул убакка чейин силерге жооп бере алган жокмун. Бул үчүн мага кечирим жок. Бүгүнкү улуу күндө силерге эмне сөз айтарымды көпкө ойлондум. Жыйынтыгында "рахмат" дегенден башка сөз жок экенин түшүндүм. Менин дагы деле күчүм жетпей жатат, ошондуктан элибиз күнүмдүк жашоонун көптөгөн азаптарынан кутула албай келет. Бирок мен силердин ишенимиңер үчүн жанымды берүүгө даярмын", — деген Ким Чен Ын.

Мындан тышкары, лидер корей аскерлеринен азаптуу эмгек кылып жатышкандыгы үчүн кечирим сурады.

Ким Чен Ын бийлигинин бир бөлүгүн карындашына өткөрүп берди

"Түндүк Кореяны каптаган тайфундан кийин аймакты калыбына келтирип, ошондой эле коронавирустун өлкөгө киришине каршы күрөшүп жаткан аскерлерден кечирим сурайм. Ушундай оор учурда жаныңарда боло албаганыма жүрөгүм ооруп турат", — деди лидер.

Ошондой эле салтанатта Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон сүйлөп, аягында Түндүк Кореянын куралдарын көрсөткөн аскердик парад болгону кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0