Индиялык кыз спорт залы жок эле кантип 34 кг арыктаганын айтып берди

CC0 / Pixabay / LEEROY AgencyТамактанып жаткан кыз. Архив
Тамактанып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш кыз арыктайм деген чечимди кийимдери батпай калганда кабыл алган. Ал ашыкча салмактан арылам дегендерге аз убакытта жыйынтык күтпөөгө кеңеш берген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Индиялык кыз спорт залга баш бакпай эле 34 килограмм арыктаганын Times of India басылмасы жазды.

Ал ашыкча салмактан сегиз айда арыла алган. Бою 160 сантиметр болгон кыздын салмагы 96 килограммга чейин жетип кеткен.

Кыз ашыкча салмактын айынан санаа тартып, айланасындагылардын да шылдыңына кабылып жүргөн. Арыктайм деген чечимди олуттуу түрдө кийимдери батпай калганда кабыл алган.

Ошондон тарта индиялык кыз тамакты мүнөздөп ичип, азыкты үйдөн гана жасаган. Эртең мененки тамакка жер-жемиш, ботко же күрүчтөн тамак жесе, түштөнүүгө салат, жасмык шорпо, быштак жана жапма нан менен курсагын тойгузган.

Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди

Ал эми кечки тамакка салат же шорпо ичкен. Эгер түштөнүүдө нык тамактанса, шам-шум эле этип койгон.

Ошондой эле кээде жөө басып, планка көнүгүүсүн жасап коюп турган. Жеңил машыгуулардын алдында көк чай, аягында суу ичкенин айткан.

Мындан сырткары, анда-санда шоколад жеп коерун жашырган эмес. Күнүнө үч литрден кем эмес суу ичет, ал эми уктаарда куркума кошулган бир стакан сүттү жутуп жатат.

Соңунда ал арыктайм дегендерге аз убакытта жыйынтык күтпөөгө кеңеш берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0