Чай рактын жаралышына себепкер. Дарыгердин эскертүүсү

© Фото / Pixabay/ congerdesignЧай. Архив
Чай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эндокринолог чайдын дагы бир касиети — организмден зыяндуу заттарды жууп кетире аларын айтып, ал эми кээ бир түрлөрү бөйрөк оорусуна даба болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Эндокринолог Зухра Павлова өзүнүн Instagram баракчасында чай кайсы учурда онкологиялык оорунун жаралышына себепкер болорун айтып берди.

Ал кызыл өңгөчтүн рагы "элдик оору" катары саналарын, ал абдан ысык чайдын кесепетинен келип чыгарын түшүндүргөн. Ысык суюктук тамакты күйгүзүп, былжыр челди жабыркатарын эскерткен.

Ирандын түндүк-чыгышындагы элден турган топко окумуштуулар он жылдап байкоо жүргүзгөн. Бул мезгил аралыгында 328 кишиден кызыл өңгөчтүн рагын аныкташкан. Алардын 90 пайызы ысык чайды күнүнө 700 миллилитрден кем эмес ичкен.

Жаштыкты узартууга эмне жардам берет? Адистин сунушу

Павлова чайды 60 градус температурада ичүү керектигин айтты.

"Бул деле ысык, бирок былжыр челди күйгүзүп кетпейт. Анын температурасын кантип билебиз? Тилекке каршы, сууну манжа менен текшерүүдөн сырткары ыкма сунуштай албайм. Эгерде кол ысыкка чыдай алса, анда иче берүүгө болот", — деген дарыгер.

Эндокринолог чайдын дагы бир касиети — организмден зыяндуу заттарды жууп кетире аларын, ал эми кээ бир түрлөрү бөйрөк оорусуна даба болорун кошумчалады.

Анткен менен чайды тамак менен кошо ичпеш керектигин баса белгиледи. Тамактын артынан дароо ичкенде организмден пайдалуу делген кальций менен A, B витаминдерин кошо алып кетет. Курсакты тойгузгандан бир сааттан соң гана чайга кезек бериш керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0