Коронавирус жуктурган Трамп дарылануу алдында кайрылуу жасады. Видео

© REUTERS / LEAH MILLISАКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү АКШнын президенти тест тапшырганда коронавирус чыкканы аныкталган. Өзү менен кошо аялы да ооруп калган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу аскер госпиталына келер алдында видео кайрылуу жасады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Америка лидери түшкөн тик учак оорукананын алдындагы Уолтер Рид айдыңына келип конду.

Муну менен бир убакытта эле Трамп Twitter баракчасына госпиталга бара жаткандыгын тастыктаган видео постун жарыялады.

Америка жана кытайлык медиктер Covid-19га каршы нукура дары тапты

"Менде баары жакшы болот деп ойлоп турам. Бардыгы жакшы болоруна ишениш керек", — деген бир аз ооруп турганы сыртынан да байкалган Трамп.

​Буга чейин Ак үйдөн Трамптын бир нече күнгө аскер госпиталына которулары кабарланган эле.

Жума күнү АКШнын президенти тест тапшырганда коронавирус чыкканы маалым болгон. Өзү менен кошо аялы Мелания Трамп да ооруп калган. Анын айтымында, экөө тең дароо карантинге кетишкен.

Президенттин катышуусундагы шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар кийинкиге жылдырылып же онлайн-форматка өткөрүү чечими кабыл алынган. Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.

Трампты караган дарыгери Шон Конли анын түштөн кийин бир аз чарчагандай болуп, бирок маанайы жакшы экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0