Марста суусу туздуу көлдөр табылды

© NASA / JPL-Caltech/University of ArizonaМарс планетасынын туздуу көлдөрдү
Марс планетасынын туздуу көлдөрдү  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачылыш Mars Express орбиталык иликтөөсүнүн 2010-2019-жылдарда алынган маалыматтарынын негизинде чыгарылган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Италиялык окумуштуулар Марс планетасынын түштүк уюлундагы мөңгүлөрдүн алдынан суусу туздуу көлдөрдү табышты. Бул тууралуу Nature Astronomy журналына таянып РИА Новости жазды.

Ачылышты астрономдор Mars Express орбиталык зонду аркылуу 2010-2019-жылдарда алынган маалыматтардын негизинде жасашкан.

Ага ылайык, төрт көлмө бар, анын эң чоңу чок ортодо турат. Анын кеңдиги 30 чакырымды түзөт. Көлдөр бир жарым чакырым тереңдикте жайгашкан.

TESS телескобу жашоого ыңгайлуу планетаны тапты. Видео

"Биз ал көлдөрдү перхлораттардын коюу туздуу суусу менен толтурулган деп божомолдоп жатабыз. Болжол менен алар планетанын полярдык аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болот", — деп айтылат иликтөөчүлөрдүн билдирүүсүндө.

Окумуштуулар кадимки суу Марста же анын бетинде микробдордун жашоо ыктымалдыгын жогорулатат деп белгилеп, бирок бул илимий божомолду тастыктоо үчүн изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0