БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүВоенный конфликт в Карабахе
Военный конфликт в Карабахе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыр чыгып жаткан аймактагы абал боюнча талкууну эл аралык уюмдун Коопсуздук кеңеши шейшемби күнү Сирия маселесин сүйлөшкөн соң уюштурмакчы.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши армян-азербайжан аймагындагы чатакты талкуулоону расмий түрдө бул аптанын экинчи күнүнө пландаганы айтылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта кырдаал боюнча Улуу Британия, Германия, Франция, Эстония жана Бельгия маселе көтөрүп, суроо салгандыгы айтылды.

"Отурум эртең Сирия боюнча жыйындан кийин көзмө-көз форматта өтөт", — деп кабарлаган агентикке маалымат булагы.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскер жарадар болуп жана каза тапканы айтылган.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Армениянын мурдагы юстиция министри, Карабахтын экс-акыйкатчысы Рубен Меликян РИА Новостиге өлкөдө жалпы мобилизация биринчи ирет жарыялангандыгын айткан. Ал эми Азербайжан президенти бир катар шаарлар менен аймактарда аскердик тартип, өлкөдө коменданттык саат киргизилгендигин билдирди. Аталган өлкөдө да жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Бир катар мамлекеттер – Россия, Франция тараптарды сабырдуулукка чакырууда. Түркия Карабахтагы курчуп кеткен абалдан улам Азербайжан алардан кандай жардам сураса да берүүгө даяр экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0