Психолог аялды бактылуу кылуунун жолдорун айтып берди. Үч кеңеш

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКучакташып турган аял жана эркек. Архив
Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог аялды чыныгы эркектик мамиле бактылуу, ажарлуу, ишенимдүү кыларын белгилеп, мырзаларга дагы бир нече сунуштарды айткан.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Психолог Жанна Абрамова эркектерге аялзатын бактылуу кылууда негизги үч кеңешин берди. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.

Ал биринчи кезекте эркектерге кандайдыр бир планды түзүүдө сүйүктүүсүнүн кызыкчылыктарын эске алууну сунуштады, анткени бул аялда эркекке болгон ишенимди арттырат. Муну "биз барабыз", "биз жасайбыз" же "биз сатып алабыз" деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп көрсөтсө болот.

Психолог кучакташып туруу канчалык маанилүү экенин айтты

Ошондой эле аялдар тандап алган адамына ишениши керек. Психологдун билдиришинче, аялдар жанында аны жана балдарын коргой ала турган күчтүү эркекти көргүсү келет.

Ошондой эле эксперттин айтымында, кээде аялдар алсыз болууну самайт. Алар жанында көйгөйлөрүн чечишип, жардам бере турган адамдын болушун каалашат. Бул жерде сөз эркектин духунун күчтүүлүгү, көк жалдыгы тууралуу сөз болууда.

Психолог белгилегендей, аялды чыныгы эркектик мамиле бактылуу, ажарлуу, ишенимдүү кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0