ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакцина чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0