Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок

© REUTERS / ANN WANGСитуация в Тайване из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Тайване из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин билдиришинче, вирус кескин токтоп калган жок, болгону эки эсеге азайды. Ал эми азыр кайрадан көбөйүп келе жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Оорунун көбөйүп баратышын коронавирустун экинчи толкуну же биринчи пандемиянын уландысы деп атаган болбойт. Бул тууралуу РИА Новости Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун вирусологу, профессор Анатолий Альштейнге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, "толкун" деген сөздү пандемия убагында колдонуу чоң деле мааниге ээ эмес. Вирустун эпидемиясы токтоп калган жок, болгону эки эсеге азайды, ал эми азыр кайрадан көбөйүп келе жатат.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

Вирусолог белгилегендей, чоң шаардын жашоочулары оорунун алдын алуу чараларын унутуп койду. Эл баштагыдай бет кап тагынбай, колун жуубай, аралыкты сактабай, обочолонбой калды.

Ошондой эле адис күз мезгили дем алуу органдары үчүн жагымсыз мезгил экендигин эске салган.

Дүйнө жүзү боюнча оору жуктургандар 32 миллиондон ашып, 980 миңден көп киши көз жумду. АКШ, Индия жана Бразилия өлкөлөрүндө вирус жуктургандар көп катталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0