ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

© AFP / YURI CORTEZСитуация в Сальвадоре из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Сальвадоре из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУнун өкүлү бүгүнкү күндө вакцинаны каржылоо, өндүрүү жана ага баа берүү негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцина калың элге жеткиликтүү болгонго чейин бул оорудан дүйнө боюнча эки миллион адам көз жумат деген маалыматты четке кага албайт. Бул туурасында ДССУнун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан брифингде билдирди.

Ал ушул тапта вакцинаны каржылоо, өндүрүү жана ага баа берүү негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

"Албетте, муну элестетүү кыйын, бирок андан кача албайбыз. Себеби биз тогуз айда миллион адамды жоготтук, вакцинанын калың элге жайылышына дагы тогуз ай кетерин болжоп жатабыз", — деди Райан "вакцина жалпы массага жеткенге чейин өлгөндөрдүн саны эки миллионго жетиши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берип жатып.

ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты

Ошондой эле ал ооруканага жаткырылган бейтаптардын арасында каза болгондор азайып калганын белгиледи. Дүйнө эли массалык өлүмгө жол бербөө үчүн артта калган тогуз айдан сабак алышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0