Суу жээгинде суйкайып... Брэд Питт Анжелина Жолини кандай кызга алмаштырды. Сүрөт

© REUTERS / Mario AnzuoniАктер Брэд Питт
Актер Брэд Питт  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
56 жаштагы актер өзүнөн отуз жаштай кичүү модель менен жолуга баштаганы августтун этегинде белгилүү болгон. Алар Францияга чогуу эс алганы барганда папараццинин көзүнө илинген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Голливуд жылдызы Бред Питтин жаңы сүйүктүүсү, немец модели Николь Потуральски купальник брендинин жарнамасына тартылып, сүрөттөрү интернет катталуучулардын көз жоосун алууда. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от TRIANGL (@triangl)

Сүрөткө 27 жаштагы кыз көгүш түстүү купальник кийип, чачын жайын, такыр боенбой жана аксессуар тагынбай жупуну түшүп бергенин көрүүгө болот. Модель дагы башка кесиптештери менен биргеликте австралиялык Triangl брендинин фотосессиясына катышкан.

Кардашьянды туураган РФтин эң сулуу стюардессасы элдин көз жоосун алды. Сүрөт

56 жаштагы Питт модель Потуральски менен жолугуп баштаганы августтун этегинде белгилүү болгон. Алар Францияга чогуу эс алганы барганда папараццилер тартып алышкан.

​Алар кандайча таанышып, мамиле куруп калганы белгисиз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Anastasia Otto (@aniepopainie)

Голливуддун мыкты актерлору Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ортосун кара мышык 2016-жылы аралаган. Ажырашуу демилгесин аялы биринчи көтөрүп, арыз берген. Жоли соттон алты баланы өзү менен калтырууну сураган. Бул чырга түгөйлөр былтыр чекит коюуга ниеттенип, бирок майнап чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0