Иран Трамптын өтүнүчүн аткарбай өз спортчусун өлүм жазасына тартты

© AFP / JUSTIN TALLISДемонстрации за пределами в Лондоне против власти Ирана
Демонстрации за пределами в Лондоне против власти Ирана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы өкмөткө каршы акцияга катышкан деп айыпталган спортчу 12-сентябрь күнү өлүм жазасына кесилген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Иран мамлекети 27 жаштагы грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону Навид Афкарини өлүм жазасына тартканы үчүн АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Иранга каршы санкцияны АКШнын Финансы министрлиги киргизген. Ведомствонун сайтындагы маалыматка караганда, санкциялык тизмеге Шираз шаарынын соту Сейед Махмуд Садати менен Машхад шаарынын судьясы Мохаммад Солтани кирген. Мындан сырткары, тизмеден үч абакты жана Революциялык соттун бөлүмүн көрүүгө болот.

АКШнын малекеттик катчысы Майк Помпеонун айтымында, аты аталган адамдар менен түзүмдөр Ирандагы адам укуктарын бузган. 

"Судья Садати менен Революциялык соттун Шираздагы биринчи бөлүмү Навид Афкаринин ишине тийиштиги бар болгону үчүн санкция киргизилди. Өлүм жазасы сыр бойдон жасалган. Анын алдында Абделабад түрмөсүндө Навидди кыйноого алышкан", — деп айтылат АКШнын мамлекеттик департаментинин сайтында.

12-сентябрь күнү балбан өлүм жазасына кесилген. Аны 2018-жылы өкмөткө каршы акцияга катышкан деп айыпташкан. Ошондой эле бийликти кулатуу үчүн атайын топ түзгөн деген кине коюлган. Спортчуну АКШнын президенти Дональд Трамп, Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах жана UFC президенти Дана Уайт колдоп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0