Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

© AFP / Chris McGrathОоруканадагы медицина кызматкерлери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күздүн келиши менен буга чейин божомолдонуп жаткандай, коронавирус кайрадан күч алууда. Айрым өлкөлөр муну ооруканага түшкөндөрдүн санынан улам байкап жатат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Өтүп бара жаткан аптада дүйнө жүзү боюнча COVID-19 жуктургандар кайрадан көбөйө баштаганы байкалды. Мындан улам айрым өлкөлөр кайрадан чектөөлөрдү киргизүүдө.

Европа

ВВС басылмасынын жазганына караганда, Улуу Британияда акыркы сутка ичинде 6 634 жаңы учур катталды. Бул бир күн мурдагыдан 500 кишиге көп.

"Алгачкы белгилер келе баштады. Анткени ооруканаларда, анын ичинен жандандыруу бөлүмдөрүндө бейтаптардын саны өсүп жатат", — деди Англиянын Коомдук саламаттык сактоо кызматынын директору Ивон Дойл.

Ушундай эле көрүнүш Францияда болуп жатат. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бир сутка ичинде 16 миң киши вирус жуктуруп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Европанын башка өлкөлөрүндө дагы вирус жуктургандар көбөйүп бара жатат.

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

Россияда

Москвада 24-сентябрь күнү вирус жугузуп алгандардын саны июнь айынын ортосунан бери биринчи жолу суткасына миң кишиден ашты. Мындан улам ооруканага жаткандардын саны 30 пайызга өсүп кетти.

"Россиянын көпчүлүк аймактарына июнь айында карантин жарыяланган. Бирок Москва шаарынын мэри Сергей Собянин вирустун мындан аркы жайылышын алдын алуу максатында кайрадан ири компанияларга кызматкерлерди аралыктан иштөөгө жиберүүнү сунуштады", — деп айтылат кабарда.

Коңшу өлкөлөрдө

24-сентябрдагы маалыматка караганда, Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 53 834кө жетти. Акыркы күндөрү сутка сайын жуктургандар 600дөн ашууда.

Өлкөдө бир суткада 13 медиктен COVID табылды

"Бул элдин санитардык эрежелерди кармабай жатканы менен байланыштуу. Эгер эпидемиологиялык абалды начарлатып ийсек, өкмөт буга чейинкидей катаал чектөөлөрдү кайрадан киргизип коюшу толук мүмкүн", — деди өлкөнүн башкы эпидемиологу Нурмат Отабеков.

Казакстанда коронавирус козгогон пневмония илдети өсүп бара жатканын жергиликтүү ЖМКлар жазууда. Соңку маалыматтарда коңшу өлкөдө жалпысынан 107 590 киши вирус жуктурган. Каза болгондордун саны 1 599. Акыркы суткада эле беш адам каза тапты.

Бул көйгөй Тажикстанды дагы айланып өткөн жок. Мында акыркы суткада ооругандардын саны көбөйүп, жалпысынан 10 миңге чукулдап калды.

Кыргызстанда

Россиянын президенти БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди
Өзүбүздө дагы абал анча жакшы эмес. Акыркы эки сутка ичинде вирустан сакайгандарга караганда жуктургандардын саны көп болууда. Мисалы, бүгүн коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Ооругандардын көбү өлкөнүн түштүгүндө болууда. Медиктер арасында дагы вируска кабылгандар мурдагыдан көбүрөөк боло баштады. Бактыга жараша, бир топ күндөн бери бул оорудан көз жумгандар каттала элек.

Бишкекте акырындык менен кайрадан күндүзгү стационарлар текшерилип, кем-карчысы толуктала баштады.

Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр

Дүйнөдө

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 32 миллиондон ашты. Алдыңкы саптарда мурдагыдай эле АКШ (6 977 658 киши), Индия (5 732 518) жана Бразилия (4 657 702) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0