11:30 22 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5191
  • EUR100.5101
  • RUB1.1547
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
223 0 0

Далай-ламанын айтымында, жан дүйнөнүн тынчтыгы жабыркап турган ден соолукту дагы акырындык менен калыбына келтирет.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Боорукерлик жана кырдаалды терең түшүнүүгө болгон аракет — бул сапаттар ачууну басууга жардам берет. Ал эми каарданып, кыжырлануу дүйнөгө үстүртөн караган адамдарга тиешелүү сапат. Мындай пикирди Тибеттин руханий лидери Далай-лама XIV айтканын анын расмий сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Буга чейин кашыктап чогулган нерсени талкалап кетчү терс эмоциялар адам ар нерсеге үстүртөн гана караганда пайда болот. Андыктан кандай гана жагдай болбосун, аны ар тараптан карап, кыжырга тийген адамдын дагы көзү менен көрүүгө аракет кылуу керек. Ал эми адамдын психикасына жана ден соолугуна пайдадан башка зыянын тийгизбей турган өзүн кармай билүү, токтоолук, гармония сыяктуу артыкчылыктарга медитация жолу менен жетсе болот", — деген руханий лидер.

Далай-ламанын айтымында, жан дүйнөдөгү тынчтык акырындык менен жабыркап турган ден соолукту дагы калыбына келтирет.

Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

"Адам ар дайым жинденип, бир нерседен коркуп турса, анын организми, дене бою дагы жабыркайт", — дейт ал.

Ошондой эле улуу инсан адамдар башка жаатта билим алгандай эле терс эмоцияны ооздуктап, акылды башкара билүү сыяктуу маанилүү нерселерди үйрөнүүсү керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Психолог күздөгү бук болууну кантип жеңсе болорун айтып берди
Белгилер:
Далай-лама, адам, психология, эмоция, акыл

ЭҢ МААНИЛҮҮ