Чет элдиктер октябрдан тарта Японияга кире алат. Шарттары жана убактысы

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТокиодогу эл аралык аэропорту. Архив
Токиодогу эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттан келгендердин санына чектөө коюлган. Ага ылайык, бир күндө Японияга миңден ашык адам кирбеши керек.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Октябрдын башынан тарта чет өлкөлүктөр Японияга кире алышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Бирок уруксат бардык адамдарга берилген эмес. Алсак, азырынча туристтер үчүн өлкөнүн чек арасы жабык. Октябрдан тарта Японияга үч айга чейинки убакытка иш сапары менен же окуу максатында баргандар гана кире алат.

"Өлкөгө киргенден кийин чет элдик жарандар сөзсүз 14 күндүк карантинден өтүшү шарт. Сырттан келгендердин санына да чектөө коюлган. Ага ылайык, бир күндө Японияга миңден ашык адам кирбеши керек", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта коронавирус пандемиясынан улам Япониянын чек арасы 159 өлкөгө жабык. Бирок өкмөт эпидемиологиялык кырдаал туруктуу делген 16 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0